Кыз-келиндерибиз кош этек менен жуп кие турган, ичтелип же жалаңкат тигилген жеңсиз, бели жабылгандай ич кийим. Чыптама да денеге чак тигилет. Ал кош этек менен кийгенде гана көркүнө чыгат. Көгүчкөн төш чытырап, бели кыпчыланып, чыптама этеги жамбашты жая кененделип кетет. Көйнөктүн кош этектери көлбүп, кыз кылактап, ал өзүнчө ак шоокум болуп көрүнөт. Укмуштай кооз саймаланып, же көбөлөнүп тигилген чыптама көбүнчө чий баркыт, тасбаркыт, тукаба, трайке өңдүүлөрдөн тигилет. Аны кош этек көйнөк менен өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучулары, артисттер, жаштарыбыз улуттук сыймыктуу кийим катары кийип жүрүшөт.

Чыптама сайма көчөттөрү үчүн «бадам», «ит куйрук» өңдүү оюм-көчөт берилип, анын тегерегине «суу» жүргүзүлөт. Жалаң түрдөн-түр чыгара бири-бирине чиркешкендей «бармак боочу», «сынар мүйүз» оюмдары өңдөнгөн, же тим эле улаштыра бутактанып кеткен көркөм көчөттөр «суусуз», «ала мончоксуз» эле коюлата сайылат. Жалпы алганда чыптамага да чепкенге, кемселге түшкөн көчөт оюмдардын өзү жана эни сакталат.

Эгер кийимдин жердиги көк кездемеден турса, ага түшкөн көчөттөрдүн өңү кызыл менен жашылдан тандалса, кызыл өң буюмду ажарлантат да, жашыл өң кездемеге жутулуп кетет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)