Чүчкүрүүмурун көңдөйүнөн дүүлүктүргүч агенттерди (химиялык заттардын буусу, чаң, бөтөн нерселер, чогулган былжыр жана башкалар) чыгаруу менен организмдердин коргонуу реакциясы.

Чүчкүрүү

Ал заттардын коко, трахея, өпкөгө өтүп кетүүсүнөн сактайт. Дүүлүктүргүч мурун былжыр челиндеги үч ача нервдин сезгич учтарына таасир эткенде ага жооп кайтарып терең дем алат да, жумшак таңдай көтөрүлүп, мурундун ички тешигин жаап, көкүрөк көңдөйүндө жогорку басым пайда болот. Андан кийин мурундун ички тешиги капысынан ачылып, мурундан тезинен дем чыгат да, абанын агымы менен былжыр челди дүүлүктүргөн зат кошо чыгат. Ошондой эле ал дем алуу жолдорунун жугуштуу ооруларынын (мисалы, Сасык тумоо жана башкалар) белгиси болуп, оорунун козгогучунун таралып кетишине түрткү болот.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8