Шабазит, хабазит - минерал, цеолиттер тобундагы силикат, (Са, К2, N82, Sr)(Al2Si408)-6H20.

Хим. курамы катиондору боюнча өзгөрүлмөлүү келет. Кристаллдары ромбоэдр формасында. Тарамча, майда друз, секреция түрүндө кездешет. Катиондук курамына жараша Шабазит минералдардын сериясы болуп саналат. Ага негизинен шабазит-Са, шабазит-Na, шабазит-К жана шабазитSr кирет. Саргыч же кызгылт тактары бар ак түстү (айрымдары түссүз), айнектей жылтырайт, тунук. Катуулугу 4,5, тыгыздыгы 2,082,1 г/см3, морточо Жалынга кармаса көбөт, оңой менен ээрибейт. Туз кислотасында ажырайт. Негизинен, эффузия тоо тектериндеги боштуктарда, кээде сланецтин жана метаморфдошкон кристаллдык акиташтын жаракаларында башка цеолиттер, кальцит жана кварц менен чогуу таралган. Гидротермде пайда болгон тарамдарда жана кайнар булак чөкмөлөрүндө да учурайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4