Шад (Sad) - «улуу, башкы жетекчи» маанисин берген.

Шад — Борбордук Азиядагы көчмөн элдерде кенен таралган мамлекетти башкаруу титулу. Шаддар көбүнчө мураскер ханзаадалардан дайындалып, мамлекеттеги эң жогорку административдик жана аскердик жооптуу функцияларды аткарышкан.

Рун сымал кыргыз (түрк) жазуу эстеликтерде Тоң-Йокук «бойла бага тарган», ал эми Мочжо жана Дусифу «шад жана ябгу» титулдарына ээ болушкандыктары баяндалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8