Дубалга тартылуучу, көчкөндө эмерек таңылуучу, жерге төшөлүүчү эндүү жасалган таар буюму.

Мунун аймактык айырмачылыктары бар. Шалча согуу — татаал көрүнүш. Оштук өрмөкчүлөр анын жибин жүндөн да, кебезден да ийрип, өрмөк курушат. Мындан согулган тасма таардан шалча жасалат. Шалча көбүнчө төрт чарчы жасалат. Буюмдун жээктери кыюуланат. Жүк үстүндө же үйдүн дубалына тартууга атайын арналган шалчаларга чачылар тагылат. Ал жөнөкөй — кара таар бир өңчөй түс түрүндө да болот. Көркөм (кара-ак, кызыл-жашыл, көк-сары, кызыл-көк) түстөрдүн айкалышуусунан токулган терме, кажары (букары), беш кеште таарынан тигилген гүрлөрү да көп кездешет.

Шалчаны терип согууда өрмөктүн эни 32 см ге дейре жетет. Анын четине «такта» берилсе, ал түр болуп саналат да, жөнөкөй эле согулат. Андан соң «кайкалак көчөтүн» түшүрүү ылайыктуу болот. Ал тогуз мм ден эки четине келет. Анан «жарым кайкалак көчөтүн» түшүрүү керек. Ал көчөт толук түшсө «кырк шак» деп аталат. Анан кайра жети жарым см «такта» берилет. Ал көк менен кызыл өңдөн турат. Эми беш жарым см ден кайрадан «кайкалак көчөтүн», «такта көчөтүн» же «чычкан изин» түшүрсөк, буюм көркөм көрүнөт. (Ошондо шалча 34 см эндүүлүктө болсо «такта», эки см, «чычкан изине» — жарым см, «седепчи көчөтүнө» эки см, кайра «чычкан изине» жарым см «такта» жети см, «тул кеште көчөтүнө» жети жарым см, дагы «чычкан изи» менен «такта» жети см, «кайкалак көчөтүнө» алты см, кайра «тактага» үч жарым см берүү зарыл.

Шалчага терменин мындан башкача көркөм көчөттөрү түшкөн чактары көп кездешет. Эндүү шалча үчүн узуну үч метр сексен беш см, туурасы эки метрдин өрмөгү 28,5 см болуп түшөт. Мындай аянттуу термеде адегенде төрт см «сыра» деген жөнөкөй көчөт кетет. 13 талдан 26 тал менен «чычкан изин» (суусу) берилет. Муну жалпысынан «такта» деп атайт. Анан сегиз см «тогуз төбө» келет да, четтерине «суусу», анан «тактасы» түшөт. Ал бир жарым-эки жарым см ден — төрт см ге чейин болот. Башкача айтканда, буга тогуз жиптен 10 жип келет. «Карга тырмак көчөткө» 13x13 = 26 тал жип берилсе, ал төрт жарым см ди түзөт. Четки «тактасы», «суусу» кайрадан башталат. Буга 22x22 = 44 чыйратылган жип сарпталат. «Ийрекке» (кочкорек) беш см, ага 13X13 = 26 тал жип керек. Анан четине «суусу» менен «тактасына» төрт жарым см (22x22 = 44) түшөт. Термеде кандай көчөттү тандоо жана түшүрүү зарыл экендигин термечилер өздөрү ачык билет. Демек, мунун четин «такталап», «суу» («чычкан изин») түшүрүп, кайра экинчи четине дейре такай түрдүү көркөм көчөттөрдү түшүрүүгө болот. Албетте, бул мындай таар кооз көрүнөт. Аны жогоруда биз баяндап кеткен өрмөктүн курулушунан жана ар бир талдын терилишинен даана көрөбүз.

Айрым шалчаларда өзүнчө өңдү ачуу, күзүктөлгөн эришке көчөттөрдүн сыйышы өзгөчөлөнүп турат. Мындай шалчалардын четине «ит тамандан» «жээк» (четтик көчөт) түшүрүп алат да, анан «башайы көчөттү» табакчалантып берип, алардын четинен «кайкалакты» жарымдап түшүрүп, көчөттүн четине «чычкан изин» берүү зарыл. Андай көркөм көчөттөр үчүн ак, кара, кызыл, көк өңдөр бири-бири менен беттешсе болот.

Шалча буюмун кармоодогу негизги каражат «тай туяк» менен «ит таман» көчөттөрүнүн араларын эндей калтырып, айрым жерлерине «чычкан изи» (өрмөчүлүктөгү «ала мончок», «аламыч» ал негизги көчөттөрдүн араларын айырмалап, «суу» катары жүрүп турган кооздук). Мында бул эки көчөт («ит таман», «тай туяк») алты тумарчаланган элемент бир түшүнүктү ойду билдирген көчөттү түзүп турат. Ошондо бир буюмда жогорудагы көркөмдүктөр өз ара айкалышат. Айтса, айрым аймактарда «бачайы көчөтү» «жарым кыял» болуп көрүнөт жана ошондой аталат.

Уздардын чеберчилиги ал көчөттүн аталышында эмес, ошол көркөмдүктүн өрмөктө түшүшүндө жана буюмдун ойдогудай жасалышында анын «аты эмес заты» аркылуу бааланат.
Шалчада «чууртма», «ит таман», «сыңар мүйүз» эки негизги көчөттүн араларын ачыш үчүн же өзүнчө четтик көчөтү катары берилиши шарттуу көрүнөт. «Шалчага» «сыңар мүйүз», «кош мүйүз» көчөттөрүнүн ортолоруна «башайы көчөттү» берүү менен буюмдун жүзүн ачууга болот.
Шалча таарды «тогуз төбө» деп да атайт. Бул өрмөккө жүгүртүлгөн эриш жипти санап көчөт түшүрүүдөн чыккан. Бул түрдүн бөтөнчөлүгү өрмөктү эндей таар кылып согуп, алардын бетине сайма көчөттөрүн түшүрүүгө да болот. Анын чачыларына шуру төгүлөт. Зымдан чачык чыгарылат. Анда саймасы, килем көчөттөрүнүн ич ара кыйыштырылган жалпы үндөштүктөр бар.

Маалыматтын булагыОңдоо

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9