Шалы (Огуга), күрүч - дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк.

20дай түрү негизинен Түштүк жана Чыгыш Азияда, Америкада, Африканын тропик, субтропик жана мелүүн климаттуу аймактарында өсөт. Эгилме Ш. бир жылдык өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 60-150 см. Жалбырагы ичке, уз. 2025 см, топ гүлү машакча. Даны кабыктуу, тоголок жана сүйрү. Вегетация мезгили 90-165 күн. 22-27°С температурада жакшы өсүп, мол түшүм берет. Шалынын 2 түрү (эгилме Ш. жана жылаңач же африка Шалысы) нымдуулукту көп талап кылгандыктан жаан-чачындуу, сугат жерлерде эгилет. Кытай, Япония, Индия, Индонезия, Бирма ж. б. өлкөлөрдө негизги азык-түлүк продуктусу болуп эсептелет. Акшагында крахмал, белок, май, суу бар. Шалынын саманынан мыкты кагаз, жип, калпак, бут кийим ж. б. жасалат. Улпагынан малга тоют даярдалат. Данынан медицинада колдонулуучу сапаттуу май алынат. Кытайда б. з. ч. 5 миң жыл мурда, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында (Закавказье менен Орто Азияда) б*. з. ч. 3-2-кылымда айдала баштаган. Азыр ШалыТүндүк Кавказ, Төмөнкү Волга, Казакстан жана Орто Азияда (а. и. Кыргызстандын түштүгүндө), Украинада эгилет. 1 га жерден орточо эсеп менен 40 цден түшүм алынат. Шалынын КМШ өлкөлөрүндө эгилүүчү негизги сорттору: Краснодар-424, Кубань-3, Дон163, Өзбек-5 ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4