Шам — үйдүн ичин, караңгы жайларды жарык кылуу үчүн колдонулган тиричилик буюму. "Манас" эпосунда Шамдын күдөлүк турмушта гана эмес, диндик жөрөлгөлөрдү аткарууда да пайдаланылганы эскерилет. Багыш Сазановдун вариантында Семетейди Букардан Таласка алгач жөнөткөн Каныкей — Шам жагып шерт кылат: "Балам келгиче уктабай тиктейм, Өчүп калсаң сага шерт, Уктап калсам мага шерт".

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4