Шамалдын күчтөнүүсү (жапонча: 風 立 ち ぬ? Казе Тачину) — 2013-ж. чыккан Жапондук тарыхый мульт-драма тасмасы, режиссеру жана сценарийин жазган Хаяо Миядзаки. Тасманын каармандары Гибли студиясында жандандырылган. Тасма 2013-ж. 20-июнунда Тохо студиясы тарабынан Жапон мамлекетинде көрсөтүлсө, 2014-ж. 21-январында Тачстоун Пикчерс тарабынан Түндүк Америкада көрсөтүлгөн.

"Шамалдын күчтөнүүсү" Джиро Хорикоши (1903–1982) тарабынан ойлоп чыгарылган өмүр баяндын негизинде тартылган. Окуя II Дүйнөлүк согуш учурунда Жапон империясынын Митсубиси А5M жана Митсубиси А6М Зиро истребительдерин колдонуусу тууралуу. Тасма 1937-ж.чыккан "Тосио Хорини жандаткан шамал" аттуу аңгеменин негизинде жана тасма аталышындагы Миязакинин мангасынын адаптациясы болуп эсептелинет Миязаки 2013-ж. сентябрь айында пенсияга чыккан жана бул тасма режиссердун акыркы тасмасы болгон.

"Шамалдын күчтөнүүсү" 2013-ж.Жапон мамлекетинде популярдуулукка жетип, ар кандай сын-пикирге татыган. Тасма көптөгөн сыйлыктардын ээси жана көптөгөн аталмаларда ат салышкан. Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты мультипликациялык тасма" аталмасында ат салышкан. "Алтын Глобус" сыйлыгын "Эң мыкты чет тилиндеги тасма" наамында жана Жапон Академиясынын сыйлыгын "Жылдын мыкты мультипликациондук тасмасы" дегенаталмада жеңген.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү