Шапак Рысмендеев (1863-1956) - “Манас” үчилтигинин үч бөлүмүн тең айткан чоң манасчылардын бири. 1863-жылы Кочкор районуна караштуу Шамшы деген жерде колунда бар үй-бүлөдө туулган. Атасы Рысменде бала-чакалуу адам болуп, өз чарбасын тың оокат өткөргөн. Ал дыйканчылык жана малчылык менен тиричилик кылгандыктан, балдары да ата кесибин улантып өз чарбаларында иштешкен. Шапак эч кандай мектептерде окубаган, сабатсыз адам болгондугун, анча-мынча гана арап тамгасында окуганды билгендигин изилдөөчү К. Рахматуллин маалымдайт. Шапактын ата–тегинде “Манас” үчилтигин айтууну атайын өнөр кылган адамдар болгондугу жөнүндө даректер жок. Болгон болсо ал өзүнүн вариянтын жаздырып жаткан учурда сөзсүз айтып берет болчу. Шапактын өзүнүн берген маалыматтары боюунча ал 26 жашка келген жигит курагында Манас түшүнө кирип айтып калгандыгын эскерет.
Бирок, ага чейин эле чоң манасчы Балыктын, анын уулу Найманбайдын, ошондой эле Акылбек менен Сагынбайдын “Манастан” айткандарын угуп-көрүп жүргөндүгүн Манас изилдөөчүлөр К.А.Рахматуллин да, Ө. Жакишев да белгилешет. Шапак 20 жашынан тартып ырчы жана манасчы Найманбай менен бир нече жыл бирге жүрүп таалим алган экен. Кийинчээрек Сагынбайга да жолугуп, аны менен көп убакыт кошо жүргөндүктөн, андан дагы таасир алып үйрөнгөндүгү талашсыз нерсе. Ошондуктан, Шапак түш көргөнгө чейин эле “Манас” менен “Семетейден” айрым үзүндүлөрдү айтып жүргөн экен. Демек, Шапактын айтуучулук Өнөрүнө ээ болушуна, анын чыгармачылык чеберчилигинин өнүгүп калыптанышына арийне, рейалдуу Факторлор өбөлгө болгондугун көрөбуз.
Шапактын 1935-жана 1948-жылдары трилогиянын үч бөлүмүнөн материялдар жыйналган. “Манас” бөлүмү боюнча төмөнкү традитциялык окуялар жазылган. “Манастын төрөлүшү жана балалык чагы”, “Манастын өспүрүм чагы”, “Көкөтайдын ашы” жана “Чоң казат”.
“Семетей” бөлүмү боюнча традитциялык сюжеттин курамындагы баардык негизги окуялар камтылып жазылган, “Сейтек” бөлүмү да толук жыйналган. Шапактын варянтынын башка айтуучуларынын вариянттарынан кандай өзгөчөлүктөрү болгондугун белгилеп, илимий мүнөздөмө берүү үчүн, ал өзү үйрөнүп таалим алган чоң манасчылардан Сагынбайдын гана вариянтына салыштырып кароого тууру келет.Балык, Найманбай жана Акылбек сыяктуу чоң манасчылардан эпос боюнча эч кандай материялдар жазылып калбагансоң, алардын чыгармачылык таасирин байкоого мүмкүн эмес.
Шапактын вариянтында эпостун традициялык окуялары деп эсептелип келаткан бардык негизги эпизоддор толугу менен бар. Бирок көпчүлүк окуялар үстүрттөн кыска баяндалган. Мындай өзгөчөлүгүн мурунку изилдөөчүлөр тура байкап вариянтка жалпы мүнөздөмө беришкен экен. Мисалы, К.Кырбашев минтип жазган: “Трилогия” Шапактын айтуусунда өзүнүн көлөмүнүн аздыгы, окуянын кыскалыгы жана тактыгы менен айырмаланып турат. Башка манасяыларга караганда Шапак традициялуу эпизотторду кыскача кылып берүүгө аракеттенгендиги байкалат.
Мындан кийин Чоң эпизоддор “Көкөтайдын ашы” менен “Чоң казат” айтылат. Бул окуялар баардык белгилүү манасчылардын жалпысында бар. “Көкөтайдын ашы-чоң чырдын башы” деген лакап сөз бул эки эпизод бир-бирине байланыштуу экендигин аныктап турат. Изилдөөчү К.Кырбашев Шапактын ваиантындагы бул эпизоддор жөнүндө мындай мүнөздөмө берет: Негизинен бул эпизод ашка элдин келиши, Коңурбайдын Маникерди суратканы , ат чабуу, жамбы атуу, күрөш оюндары, Манас менен Коңурбайдын сайышы, байгеден чыккан чатак, жана эки колдун беттешүүсү сыяктуу окуяларды ичине алат. Шапакта да Көкөтөйдүн ашы “Манас” бөлүмүндө берилип, мурдагы чыр -чатактын аягы ушул ашта уланат да анан ары “Чоң казатка” өтөт. Бээжинге аттанууга да негизги түрткү болгон себептердин бири, эл арасында “Көкөтөйдүн ашындагы” кандардын Манастан тарткан запкысын аягы чырга айланып, алар Манаска каршы кеңеш курушат . Ушул кеңеште жедигердин Батышы, Жетим чалдын Агышы, Эштектин уулу Жамгырчы, Кара жаак эр үрбү, Кандын уулу Жүгөрү, Казактардын Көкчөсү, Элемандын Төштүгү катышат.
Жалпысынан алганда Шапактын вариянтынын “Чоң казат” эпизод мерчемдүү традициялык мотивдер менен байандалып толук берилгендей көрүнсө да өтө кыска схема түрүндө жазылган. Мисалы, жети кандынкеңеши, алардын биринден элчи жбериши, колдун жөнөшү, Каныкейдин кырк чорону кийим-кече менен жабдышы, колдун жолдо жүрүшү Алмамбет менен Сыргактын чалгынга жөнөшү, ат тандоо, Чубактын жаңжалы, Макел дөө (Мадыгел дөө) менен бетешүү , жылкы тийүү мындан кийинки окуялар да башка вариянттардай эле традициялык эпизоттордон турат: Манастын жеңиши, Коңурбуйдын Манасты алдашы, алардын ортосундагы акыркы беттеши, Манастын өлүмү,Каникейдин Манаска күмбөз салдырышы. Ушул сыяктуу сыртынан караганда традитциялык сюжеттин курамындагы бардык урунтуу учурлар камтылган мен кеңири сүрөттөлбөстөн, үстүрттөн гана баяндалып калган. Кыскасы традициялык сюжеттин мазмуунун кайталап айтып бергендей туйулат.
“Манас” эпосу генеологиялык циклизация принцибинде негизинен үч бөлүмдөн турган элдик чыгарма. Ошондой болсо да трилогиянын ар бир бөлүгү өзүнчө идеялык мазмууну , сюжеттик түзүлүшү жагынан өзүнчо эпос болуп эсептелинет. Ага карабастан үч бөлүм тең бири-бирине шарттап органикалык байланышта улантып, монименталдуу , бир эпикалык чыгарманы түзүп турат.
“Семетей” , “Сейтек” бөлүмдөрү да мурунттан өзүнчө айтылып келеаткан традициялык окуялардын саставынан турган сюжеттик мазмуунга ээ, көркөмдүк деңгели да жогорку бөлүмдөр болуп эсептелет. Академик Б.М.Юнусалиевдин белгилөөсү боюнча Кол жазмалар фондундусунда “Семетейдин” 14 варианты, “Сейитектин” 6 варианты сакталып турат. Албетте , 1960-70-жылдарда да айрым айтуучулардан жазылып алынган материялдар бар. “Семетей” эпосунун варианттарынан ортосунда олуттуу жалпылык болгондуктан, жана деталдык гана аз айырмалар бар экендигин Б.М.Юнусалиев белгилеп кетет.
Ошондуктан , 1956-60-жылдарда басылып чыккан “Семетейдин” бириктирилип кыскартылган варианты башка вариянттар менен сюжеттик жагынан окшоштугу эске алынып, С.Каралаев менен Тоголок Молдонун варианттары негиз кылып алынган. Бул традициялык окуялар толук киргизилген деп эсептелген. С.Каралаевтин вариантынан негизги жети окуя басылган. Ушул эле окуялар Шапактын вариянтында да бар.
Бирок, “Семетейдин” окуялары да “Манас” бөлүмүндөй эле кыскартылып, жазылгандыгы ачык көрүнөт. Ушундай эле көрүнүштү “Манастын” үчүнчү бөлүмү “Сейтек” жөнүндө да айтууга болот.

Пайдаланылган адабитяттар түзөтүү

  • 1. Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер.---Фрунзе: Илим, 1985.-446-бет.
  • 2. “Манас” энциклопедиясы , 1995, 2-т.
  • 3. Радлов В.В. Образцы 5 т., 27-бет.
  • 4. Радлов В.В. Образцы 5 т.,35-бет.
  • 5. “Манас” энциклопедиясы, 2-т.
  • 6. Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер, 417-418-беттер.
  • 7. Көрсөтүлгөн эмгек, 4 17-бет.