Шарада (фр. – табышмак) – табышмактын татаалдантылган түрү. Мында катылган сөздүн башкы муундары берилет да, ошолордон белгисиз сөз келип чыгат. Шараданы кыргыз акындарынын ырларынан да кезиктиребиз. Мисалы,

Биринчиси – жылкынын желке чачы.

Кийинкиси – коктунун экинчи аты.

(Жал – коо)

(Т. Самудинов)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004