Салижан Шарипов

Шарипов, Салижан‎»‎ барагынан багытталды)

Салижан Шарипов - Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты. Ал 1964-ж. 25-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөндөн орто мектепти, Приморьедеги жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу илимий-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган.

Салижан Шарипов.

С.Ш. 1998-ж. 22-январда америкалык-россиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Россиянын 88инчи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп “Шаттл-Спейc” космос кемеси менен космоско учкан. Космостон “Шак” деген ысым алган. Космоско Россиянын атуулу катары учкан, улуту өзбек. Кыргыз жана Өзбек Республикаларынын Баатыры.