Шартсыз рефлекс - адам жана жаныбар организминин борбордук нерв системасынын катышуусу менен сырткы жана ички чөйрөнүн таасирине тубаса реакциясы.

20-кылымдын башында Шартсыз рефлекс терминин И. П. Павлов киргизген. Ал тийиштүү рецепторлорго козгогучтар таасир эткенде болуучу реакцияны, мис., тилге тамак тийгенде шилекейдин бөлүнүшү, көзгө жарык түшкөндө каректин кичирейиши ж. б. белгилеген. Шартсыз рефлекс жаныбар жана адамдын жогорку нерв ишинин аракетинин негизинде болуп, сырткы жана ички чөйрөнүн шартына алардын жүрүм турумунун ыңгайлануусун камсыздайт. Шартсыз рефлекс өзгөрбөйт деген мурдагы түшүнүк азыр өзгөрүп, ал онто жана филогенездин жүрүшүндө өзгөрөрү аныкталды. Шарттуу рефлекстерге борбордук нерв, эндокрин системаларынын абалы таасир этет. И. П. Павлов козгогучтун касиетине жана жооп кайтаруу реакциясынын негизинде тамак-аш, коргонуу, жыныстык ж. б. Шартсыз рефлекстерди бөлгөн. Тубаса стереотиптүү татаал рефлекстик аракет инстинкт болуп эсептелет, а. и. уя салуу, куштардын мезгилдүү учуп кетүүсү жана келүүсү, сүт эмүүчүлөрдүн жыныстык жүрүм-турумдары ж. б. Мындай тубаса аракеттерди этология изилдейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4