Рефлекстер (лат. reflexus — чагылыштырылган) — рецепторлордун дүүлүгүүсүнө, башкача айтканда айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө организмдин берген жообу.

Рефлекс.

Функциясы түзөтүү

Рефлекстер организмдин бөлүкчөлөрүнүн, ички органдардын кызматын бири-бирине айкалаштырып, алардын кыймыл-аракеттерин биргелештирип, организмдин айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө көнүгүүсүн жана жашоо шартын түзөт. Рефлекстер нерв системасы бар организмдерге гана таандык. Нерв системасы жок организмдердин (мисалы, жөнөкөйлөрдө жана башкалар) кыймыл-аракетинин негизин тропизм жана таксис, башкача айтканда белгилүү факторлорго (күн нуру, нымдуулук жана башкалар) карай умтулуп жылуу же өсүү түзөт. Организмдер татаалдашкан сайын ага жараша рефлекстер да өзгөрөт.

Бөлүнүшү түзөтүү

И. П. Павлов рефлекстерди

  • шартсыз (тубаса) жана
  • шарттуу (жашоого ылайык кийин пайда болгон) деп экиге бөлөт.

Тубаса рефлекс түзөтүү

Тубаса рефлекстер туруктуу болуп, бир өңчөй дүүлүгүүгө башка шарттарга карабастан белгилүү жооп кайтарылат, ал түрдүү жаныбарларга таандык (мисалы, тамактануу, коргонуу, жыныстык жана башкалар). Шартсыз рефлекстердин тубаса рефлекс догосу, бар, ал эң эле жөнөкөй, аз нейрондордон түзүлөт.

Шарттуу рефлекс түзөтүү

Шарттуу рефлекстер шартсыз рефлекстердин негизинде жаралып, бир гана организмге тийиштүү жана шартка жараша пайда болуп же жоголуп турат. Шарттуу рефлекстердин негизинде организм өзүнүн жүрүш-турушун керек учурда өзгөртүп турууга жөндөмдүү (к. Жогорку нерв иши). Рецепторлордун дүүлүгүүсүнөн баштап кыймыл-аракетке алып келүүчү жол рефлекс догосу деп аталат ага рецепторлор, борборго умтулуучу афферент нерв талчалары кирет.

Шарттуу рефлекстердин догосу дайыма өзгөрүлүп турат, ошондуктан ар бир жаңы шарттуу рефлекс пайда болгондо, борбордук нерв системасында козголууга дуушар болгон мээ кыртышындагы нейрондордун ортосунда убактылуу нерв байланышы түзүлөт, шарттуу рефлекстер жоюлган учурда бул байланыш да бат-бат үзүлүп турат.

Касиеттери түзөтүү

Рефлекстердин касиети (өлчөмү, узактыгы жана башкалар) рефлекс догосунун ар бир бөлүгүнүн функциялык жагдайына жана дүүлүктүргүчтөрдүн күчтөрүнө жараша өзгөрөт. Рефлекстердин борборунда пайда болгон козголуу борбордук нерв системасынын көп жерлерине тарайт. Ушунун негизинде козголуу кеңири жайылып, башка рефлекстер же тормоздолуп (карама-каршы болсо), же күчөтүлүп турат. Рефлекстердин өлчөмү, таасирдин жыйынтыгы борбордук нерв системасына дайыма кабарланып, кыймыл-аракетке баа берүүгө мүмкүнчүлүк (шарт) түзүлөт.

Колдонулган адабият түзөтүү