Шашылыш абал - Өзгөчө кырдаал белгилүү бир аймакта күтүлбөгөн табигый жана техногендик өтө коркунучтуу кубулуштун, кырсыктын, кыйроонун же башка алааматтын натыйжасында адамдардын ден-соолугуна зыян келтирүүчү, ошондой эле өлүм-житимине же айлана чөйрөнү кыйроого алып келүүчү же алып келген, турмуш-тиричилик шарттарын кыйраткан жана олуттуу материалдык жоготууларга кириптер кылган кырдаал.

Мындай кырдаалда мамлекеттик бийлик органдары ал аймактагы адамдарды, маданий-материалдык баалуулуктарды сактоо, табигый чөйрөнү коргоо, кырсыкка бөгөт коюп, анын кооптуу залакаларын жоюу же басаңдатуу боюнча аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү. Мис., Шашылыш абалга ылайык өзгөчө абалды киргизүүгө алып келген кесепеттердин алдын-алуу же жоюу боюнча иштерди координациялоо үчүн КР Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар атайын убактылуу органдарды (убактылуу администрация) түзө алат. Бул органдарга өзгөчө абал киргизилген аймактардагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тескөөчү, ошондой эле аткаруучу милдеттери толук же тийиштүү чекте өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мындан тышкары өлкөдө массалык баш аламандыктарды болтурбоо же аны жоюу үчүн өзгөчө кырдаал киргизүү каралган. Ал боюнча өзгөчө абалды парламент киргизе алат. Өтө зарыл учурда айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүүгө КР Президентине да укук берилген, бирок бул тууралуу Жогорку Кенешке кабарлоого милдеттүү. Парламент Президенттин бул маселелер боюнча жарлыгын бекитиши же жокко чыгарышы мүмкүндүгү каралган. Өзгөчө абал киргизилгенде ал өлкөнүн жарандары үчүн айрым демократиялык кепилдиктерге (мис., ары-бери жүрүү жана көчүп-конуу) чектөө коюлушу ыктымал. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында Шашылыш абалдан, күтүлбөгөн кырсыктан, жалпы баш аламандыктан, өзгөчө кырдаал шартынан пайдаланып жасалган кылмыш жазаны оорлото турган жагдай катары каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4