Шелжиорто кылымда коргошун-күмүш кендери казып алынып турган аймак.

Бул аймак түндүгүнөн Кыргыз Ала-тоосу, түштүгүнөн Талас Алатоосу, чыгышынан бул эки тоонун кошулган жериндеги Аксуу ашуусу, батышынан Күркүрөө суусу ж-а Акташ, Кызыладыр тоолору м-н чектешет. Коргошун-күмүш негизинен Талас Алатоосунан казып алынган. Геологдор м-н археологдор кен казып алынган ж-а руда эритилген 78 жерди табышкан. Талас өрөөнүнүн өзүндө эле күмүш эритүүнүн калдыктары сакталган 70тей тургун жай ж-а шаар чалдыбарлары табылган. 9–11-к-да күмүш көбүрөөк казып алынган О. кылымдагы аворлордун (Истахри, ибн-Хаукаль, Макдиси, Самани, Якут, Абу-л-Феда) эмгектеринде Ш. шаары эскерилет. Шаарды археологдор азыркы Талас обл-ндагы Киров кыш-нын жанындагы Садыркоргон шаар чалдыбары деп болжолдошот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2