Шерали Жураев (өзб. Sherali Joʻrayev) (12. 4. 1947, Өзбекстан ССРинин Анжиян облусу, Ленин району - 4. 9. 2023, Ташкент, Өзбекстан) - белгилүү өзбек ырчысы, акын, композитор, актёр 1970-жылдары жылдызы жанып, ошол кездеги өзбек эстрадасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. «Биринчи махабатым», «Өзбегим», «Ачык акыйкат» сыяктуу бир катар ырлары аркылуу Борбор Азия мамлекеттерине да таанылган. Жалпысынан 600дөн ашуун ырга автор болгон[1]. Ал 1987-жылы Өзбекстандын Эл артисти, 2018-жылы Тажикстандын Эл артисти наамына ээ болгон[2][3]. . 1991-жылы Өзбекстан Республикасынын Алишер Навои атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Жураев 2022-жылдын 12-апрелинде 75 жылдык туулган күн мааракесинде Президенттин жарлыгына ылайык «Өлкө урматы» ордени менен сыйланган[4].. Жураевдин ырлары езбектер арасында кеңири таралган.

Шерали Жураев
(өзб. Sherali Joʻrayev)
Негизги маалымат
Туулган датасы

12 -апрель 1947(1947-04-12) (77 жаш)

Туулган жери

Ленин району, Анжиян облусу, Өзбек ССРи СССР

Өлкө

СССР желеги СССР
 Өзбекстан

Кесиптери

ырчы, актёр

Аспаптары

Рубаб

Сыйлыктары

Өзбекстанда Эмгек сиңирген артисти (1981),
Өзбекстандын Эл артисти (1987),
Тажикстандын Эл артисти (2018).

Өмүр баяны түзөтүү

Шерали Жураев 1947-жылы 12-апрелде Анжиян облусунун Ленин районунда (азыркы Асака) туулган[5]. Анын кайсы күнү төрөлгөнү белгисиз. Ырчы символикалык түрдө 12-апрелди тандап алган жана ушул күндү туулган күнү катары белгилеп келген. 12-апрелде орусиялык космонавт Юрий Гагарин космоско учкан. Ырчынын айтымында, бул күндү туулган күнү катары тандап алганынын дагы бир себеби, студент кезинде 12-апрелде өткөн веложарышта жеңишке жеткени болгон[6]. Жураев 1966-1971-жылдары Ташкент мамлекеттик театр жана сүрөт искусство институтунда окуган. 1976-жылда Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтун аяктаган. 1990-1995-жылдары Өзбекстан парламентинин Кеңешинин депутаты болгон[7].

Үй-бүлөсү жана балдары түзөтүү

Жураев жеке жашоосунда үч жолу үйлөнгөн. Музыканттын биринчи аялы тууралуу эч нерсе белгилүү эмес, бирок жубайлар балдардын жоктугунан ажырашкан. Шерали экинчи жолу Зулхумор аттуу бийчиге үйлөнүп, кийин Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Бирок, сүйүшкөндөр көп өтпөй ажырашып кетишкен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, Жураев үчүнчү жолу үйлөнгөн. Жаңы жубайынын аты Гүлнара, атактуу болгон күйөөсүнө беш бала төрөп берген[8] эки уул жана үч кыз. Уулдары Шахжахан менен Зоиршах Жураевдер да ырчы[9]. Алардын чыгармачылыгы атасынын репертуарына көп жагынан окшош алар классикалык эстрадалык стилди колдонушат.

2007-жылы журналисттер Жураевдин жеке жашоосу тууралуу сөз кыла баштаган. Анын өмүр баянында кара сызык пайда болду. Кечелердин биринде Жураев Ботир Кадыров деген жаш аткаруучуну сындай баштады. Жаш жигит өзүн ырчынын экинчи бийчи аялынан төрөлгөн Жураевдин тун уулу деп атаган. Жураевдин жердештеринин аңгемелери дароо басма сөзгө чыгып, журналисттер Ботир тууралу макалалар жаза башташты. Ошондой эле Жураевтин Захиршах аттуу уулу да. Бул жалган. Биздин үй-бүлөдө бул тууралуу сөзгө күлүп, көңүл бурушпайт, -деп айткан[10]. Бирок Ботир Кадыров Жураев анын атасы экенин далилдөөнү көздөй турганын билдирип ага кайрылган. Кадыровдун жактоочусу Шерали Жураевге ДНК анализин тапшыруу үчүн арыз жөнөтүлгөнүн билдирген[11]. Андан көп өтпөй ырчы каза болгон. Ботир Жураевдин уулубу же жокпу, аны эч ким далилдей албагандыктан бүдөмүк бойдон калды.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Шерали Жураев эмгек жолун «Шаттык (Шодлик)» ансамблинде иштөө менен баштаган (1972-1979), жана өзбек мамлекеттик эстрадасы (1972-1973), Анжиян областынын филармониясынын (1979-1986), Өзбекстан мамлекеттик филармониясынын (1986-1996), «Өзбекнаво» союзунун (1999-жылдан) солисти болгон[12].

Дискографиясы түзөтүү

Альбомдору
Аталышы жыл
Озбек элинин ырлары (өзб. Oʻzbek xalq qoʻshiqlari) 1971
Жар-жар (өзб. Yor-yor) 1980
Ак кайың(өзб. Oq qayin) 1982
Караван (өзб. Karvon) 1986
Музиканын сыйкырдуулугу (өзб. Kuy sehri) 1987

Булактар түзөтүү

  1. Өзбекстандын эл артисти Шерали Жураев 76 жаш курагында дүйнөдөн өттү
  2. Sherali Joʻrayev: „Biz toʻxtab qolmadik. Biz hali bormiz“. Bi-Bi-Si (13-04-2007). Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2012.
  3. FeruzaToshpoʻlatova Oʻzbekiston xalq artisti Sherali Joʻrayev yosh qoʻshiqchi bilan qarindoshligi haqidagi mish-mishlardan gʻazabda (ruscha). Ferghana News (28-11-2007). Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2012.
  4. Prezident Sherali Jo‘rayevni mukofotladi (12-aprel 2022-yil).
  5. Өзбекстандын жана Тажикстандын эл артисти Шерали Жураев дүйнө салды(жеткиликсиз шилтеме)
  6. Шерали Жураев 64 жашта. Азаттык радиосу өзбек кызматы (13-04-2011). Текшерилген күнү 12 -июнь (кулжа) 2012.
  7. Өзбекстандын эл артисти Шерали Жураев дүйнө салды (жеткиликсиз шилтеме)
  8. Шерали Джураев
  9. Шерали Жўраев — биография
  10. Ботир Қодиров Шерали Жўраевнинг ўғлими? Зоҳиршоҳ Жўраев жавоб берди
  11. Певец Ботир Кадыров намерен доказать, что Шерали Джураев является его отцом
  12. Өзбекстандын эл артисти Шерали Жураев 76 жаш курагында дүйнөдөн өттү