Шеркулов Намазбек Камчыбекович

Шеркулов Намазбек Камчыбекович

түзөтүү

Шеркулов Намазбек Камчыбекович, комузчу, күүчү, обончу. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

Өмүр баяны

түзөтүү

Намазбек Шеркулов 1950-жылы 7-апрелде Талас аймагынын Жеңиш колхозунун Көк-Токой айылында туулган. Ал 12-13 жашынан баштап колуна комуз алып, черте баштаган. Алгач өз атасы Камчыбектен күүлөрдү үйрөнсө, кийин чоң атасы, улуу комузчу Шекербек Шеркуловдон комуз чертүүнүн татаал сырларын үйрөнгөн. Атактуу комузчу Нурак Абдракмановдон да комуз үйрөнгөн.

Намазбек Шеркулов элдик күүлөрдөн баштап, залкар комузчулар Токтогул, Ниязаалы, Атай, Шекербек, Карамолдонун күүлөрүн чертип, көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Өзү да “Жаңы Камбаркан”, “Шаңдуу жайлоо”, “Баатырларга таазим”, “Беш таш кайрыктары”, "Кутман кыргызым" сыяктуу күүлөрдү жараткан. Комузчулук менен бирге обончулугун да өнүктүрүп, 40тан ашуун обон чыгарган. [1]

Намазбек Шеркулов “Азаттык” радиосуна курган маегинде, комузчулук ага жети атадан бери өтүп келаткан өнөр экенин айткан [2].

Акын Надырбек Алымбековдун 14 томдук “Обондуу ырлар жыйнагына” Намазбек Шеркуловдун “Таласым”, “Ойдон кетпес бир күйүт”, “Улууларга бир кеңеш”, “Бар болгула”, “Тоолорго неге ынакмын”, “Коштошуу”, “Табышмак”, “Аз жыргал”, “Бир айып”, “Бир күйүт” деген обондору киргизилген.

Намазбек Шеркулов жараткан күүлөр менен обондор Кыргыз теле-радиосунун алтын казынасына да кабыл алынган. Залкар комузчу көп жылын улан-кыздарга комузчулук өнөрүн үйрөтүүгө арнаган.

Жубайы экөө 1 уул, 1 кызды табиялап чоңойткон. Уул-кызы да ата-бабаларынын жолун жолдоп, комузда кол ойнотуп, республикалык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон. [3] [4]

Эмгек жолу

түзөтүү
  • 1969 – 1971-жж. Советтик  Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1972 – 1977-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин “Чет тилдер” факультетинде билим алган;
  • 1978-ж. Талас районунун Бакай-Ата аймагындагы Маданият орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген;
  • 1978 – 1992-жж. Талас районунун Нылды, Жерге-Тал орто мектептеринде немец тили боюнча мугалим болуп эмгектенген;
  • 1985 – 1992-жж. Талас районунун Жерге-Тал орто мектебинде Балдарга билим берүү борбору тарабынан уюштурулган “комуз” ийриминин жетекчиси болуп эмгектенген;
  • 1984 – 1995-жж. Жергетал совхозунун Маданият үйүндө клуб башчы болуп эмгектенген;
  • 1995 – 2005-жж. Талас районунун Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинде музыка сабагынан мугалим болуп иштеген;
  • 2011-ж. Нурак Абдрахмановдун “Эң белги” комуз үйрөтүү курсун ийгилктүү аяктап, сертификатка ээ болгон;
  • 2005 – 2015-жж. Талас районундагы Балдарга билим берүү борборунда комуз ийриминен мугалим болуп иштеген;
  • 2015 – 2016-жж. Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы орто мектебинде музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенген;
  • 2017 – 2018-жж. Талас шаарындагы Манас-Ата лицейинде комуз ийирими боюнча мугалим болуп иштеген

Сыйлык жана наамдары

түзөтүү
  • 1992-ж. Ош шаарындагы обончулардын Республикалык кароо сынагында “Обондуу ырлар” номинациясында 1-орунга ээ болуп, Диплом менен сыйланган;
  • 1998-ж. Республикалык комузчулардын кароо сынагында 3-орунга ээ болуп Диплом менен сыйланган;
  • 2002-ж. Республикалык комузчулардын кароо сынагында Гран-приге ээ болгон;
  • 2011-ж. Ысык-Көл облусунун “Рух-Ордо” маданий комплексинде өткөрүлгөн Республикалык кароо сынагында 1-орунга ээ болуп, Диплом менен сыйланган;
  • 2015-ж. комуз өнөрүн үйрөнгөн окуучуларым “Ысык-Көл досторун чакырат” фестивальында 1-орунга ээ болгон;
  • 2016-ж. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаедин “Ыраазычылык каты” менен сыйланган;
  • 2019-ж. “Кыргыз-Туусу” гезитинин жылдын “Мыкты комузчу жана чыгармачыл инсаны” сыйлыгына татыган;
  • 2020-ж. Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган; [5]
  • 2022-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде, “Чебер комузчу” алтын медалы менен сыйланган;

Мындан тышкары жаш муундарды окутууда, тарбиялоодо, маданият тармагына кошкон зор салымы үчүн, Талас райондук администрациясынын “Ардак грамотасы”, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Шакирттери кароо сынактарга жигердүү катышып, алдынкы орундарга ээ болуп, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келүүдө.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Надырбек Алымбеков, “Обондуу ырлар жыйнагы” 12-том. (125-145 б) Б.: 2020. 504 б. – ISBN 978-9967-9266-2-2

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_culture_shekerbek_sherkulov_110/24816142.html

https://nagrada.srs.kg/site/person/65994

https://www.turmush.kg/news:299466/?from=kg_turmush&place=search&sth=c0012d48dd9191af462f72b93c956025

https://www.turmush.kg/news:450782/?from=kg_turmush&place=search&sth=c0012d48dd9191af462f72b93c956025

https://www.turmush.kg/news:338183/?from=kg_turmush&place=search&sth=c0012d48dd9191af462f72b93c956025

https://www.turmush.kg/news:332518/?from=kg_turmush&place=search&sth=c0012d48dd9191af462f72b93c956025