Шибит, укрoп (Anethum) - өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумунун уруусу.

Бир, чанда көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 150 смче, түз, бутактуу. Гүлү сары, чатырча топ гүлгө чогулган, кош жыныстуу, уругу майда. Суукка байымдуу, жарык, нымдуу жерде жакшы өсөт. Евразияда 4 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү өсөт. Көбүнчө Европа, Америка, Африкада татымал жана дары-дармек (уругунан спазмга Kaputu анетин препараты алынат) өсүмдүгү катары эгилет. Эгилме III. бир жылдык жыттуу чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, бийиктиги 2 мдей. Сухуми, Армян 269, Өзбек 243 ж. б. сорттору бар. Шибиттин уругу менен көк чөбүндө эфир майы, витаминдин бардык түрү болот. Жалбырагында аскорбин кислотасы, A, В витаминдери, кант жана белок болот. Жыттуу көк чөбүнөн салат, соус ж. б. жасалат, кургатылып тамак-ашка кошулат, маринаддалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4