Шииттер (арабча – шиа – биригүү же топтошуу деген сөз)[1]ислам дининдеги негизги багыттардын бири (сүннөттөр сыяктуу). Алар куранды колдоо менен оозеки айтылуучу шариатты-суннаны жана алгачкы үч халифти таануудан баш тартышкан.

Кызыл түстөгү өлкөлөрдө Шииттер багыты басымдуулук кылат

Шииттердин пайда болушу 7-кылымда омейяларга каршы багытталган саясий кыймылдан келип чыгып, аны Мухаммеддин күйөө баласы Али жана анын жолдоштору колдошкон; Ши-Али (шииттер) – Алинин тобу, партиясы деген маанини берет. Шииттик агым Ирандын мамлекеттик дини, Йемен, Ирак, Азербайжан, Ливан, Бахрейн жана башка мамлекеттерге тараган.

Шилтемелер

түзөтүү
  1. Ө.Ж.Осмонов, Ш. К. Керимова, Орто кылымдын тарыхы (7-класс), Бишкек, 2007 ISBN 978-9967-428-45-4 94-бет

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5