Ширбудун ордосу
Ширбудун ордосу — Бухара эмирлеринин саясий резиденцияларынын бири. Ордо Бухара эмирлигин башкарган Амир Музаффар хандын (1860–1885) жана Амир Абдулахад хандын (1885–1910) мезгилинде курулуп бүткөрүлгөн[1][2].
1870-жылдары жыгач устасы Абдурасул, ылай менен иштоочу Рахим Хаятовдун жана башка усталардын катышуусу менен Ширбудунга жакын жерде хан сарай, мечит, бассейн сыяктуу имараттар курулган. Имараттын сырты ирандык жана европалык архитектуранын белгилерин камтыган[1]. Сарай негизинен элчилерди тосуп алуу, жарманкелерди жана түрдүү майрамдарды өткөрүү үчүн пайдаланылган.
Ширбудун ордосу европалык дизайндагы эмеректери жана люстралары менен өзгөчөлөнүп турган. Бухара эмири Амир Абдулахад хандын тушунда комплекске кошумча бөлмөлөр жана оюн-зоок залы курулган[2]. Ордо бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган эмес.
Этимологиясы
түзөтүүШирбудун деген сөз Шербудин, Ширбадан деп да айтылат жана бул сөздөр мааниси жагынан таптакыр башка болуп бири биринен айырмаланып турат. Ширбадан деген сөз перс тилинде Шир - сүт, бадан - дене дегенди билдирет. Ширбудун деген сөз Шир калкы же Шир эли дегенди билдирет. Шир, Чир, Сир сыяктуу ысымдар байыркы түрк элдеринин биринин аттары болуп, «Сир Будун», башкача айтканда, «сырдын эли», «сырдын эли» дегенди билдирет.
Тарыхы
түзөтүүШирбудун ордосу Бухара эмирлигин башкарган Амир Музаффар хандын (1860–1885) жана Амир Абдулахад хандын (1885–1910) мезгилинде курулган[1][2]. 1870-жылдары жыгач устасы Абдурасул, ылай менен иштоочу уста Рахим Хаятовдун жана башка усталардын катышуусу менен Ширбудунга жакын жерде хан сарай, мечит, бассейн сыяктуу имараттар менен курулган[1]. Ордо Бухара регистанынан болжол менен 3 верст же 4 км алыстыкта жайгашкан[1], Жаңы Бухара жолунда бийик дубал менен курчалган[3]. Амир Музаффархан ордодо сыйлуу конокторду, элчилерди тосуп алуудан тышкары үйлөнүү үлпөттөрүн, элдик майрамдар, түрдүү иш-чараларды өткөргөн. Майрамдарда 500гө чейин чатырлар курулуп, ар кандай жарманкелер өткөрүлгөн[4]. «Таржимон» гезитинде берилген маалыматка караганда, 1897-жылдын 9-15-март күндөрү сарай бакчасында майрам уюштурулуп, ар кандай шоу жана оюндар менен иш чара өткөрүлгөн[5].
Бухара эмирлигинин ордосунун тарыхчысы Мырза Абдулазим Сами “Мангыт султандарынын тарыхы же Бухара хандыгынын кризиси” аттуу китебинде мындай деп жазат:
Кудреттуу эмир (Бухара эмири Амир Абдулахад Хан) хижрий 1303-жылы (1885-1886-ж.) өзүнүн атасын ордуна Бухара эмирлигинин тактысына отуруп, ата-бабалары сыяктуу эле он жылга жакын убакыттан бери эмирлик килеминде өз бийлигин жүргүзүп келет. Ал убактысынын көбүн Бухарада, ордодо, Ширбудин жана Ситораи Мохи Хоса көлмөлөрүндө өткөрөт[6]. |
Мухамад Али Балжувани «Тарых Нофейи» аттуу эмгегинде Бухара эмирлигинин өкүмдарларынын сарайлары жана чарбактары жөнүндө:
Өкүмдарлар ордодо эс алуу үчүн чиновниктер менен келишти. Карши, Шахрисабз, Бухара райондорунда өзгөчө жерлер көп. Ар кандай чарбактар курулган жана башка жерлерде сепилдер бар[7]. |
Тажик жазуучусу Садриддин Айний өзүнүн «Эстеликтер» китебинде Ширбудун ордосу жана Чарбагы тууралуу мындай деп жазган:
Ширбадандагы негизги аллея Амир чарбогинын алдынан өткөн чоң жолдун эки тарабында жайгашкан эле. Шаардан чыгып баратканда сол жакта айланасы дубал менен курчалган аянты бар болчу, аны чил таноби деп аташкан, анын чоң дарбазасы бар. Бул курчалган аянтта жума мечити, чавки (майрам уюштуруучу аянттар) жана театрлар жайгашкан, аянттын башка бөлүктөрүндө эт сатуучу дүкөндөр жана ашканалар болгон. Бул аянттын аягы дарбаза аркылу чоң жолго алып барат болчу, бул жердин түштүк тарабында Амир бакчасынын дарбаза жолу жана бакчанын дарбазасынын капталында айван бар эле, бул жерди эл көрүп күзөтөт эле[8]. |
Ширбудун ордосуна Европадан эмеректер, люстралар жана башка жабдуулар алынып келинген. Амир Музаффар хандын мураскери Амир Абдулахад хандын мезгилинде ордонун курулушу улантылган. Бухара эмири Амир Абдулахад хандын тушунда бул комплексте бир нече сарай бөлмөлөрү жана эс алуучу зал курулган[2].
Комплекс 1920-1924-жылдары Бухара Элдик Советтик Республикасынын өсүмдүктөр инспекциясына өткөрүлүп берилген[9][10]. Ширбудун ордосу жана имарат турган жер бүгүнкү күнгө чейин сакталбай калган. Ордонун аймагында жаңыдан бакча түзүлүп, 1960-жылдары бактын аймагында Бухара облусунун суу чарбасынын имараты курулган. СССР ыдырап, Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин бактагы бул имарат махалла жарандары кеңешине өткөрүлүп берилген[10].
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 Ремпель, 1981, p. 151
- ↑ 2.0 2.1 2.2 2.3 Шубинский, 1892, p. 118
- ↑ Ole, 1911, p. 558
- ↑ Ремпель, 1981, p. 63
- ↑ Абдирашидов, 2011, p. 233
- ↑ Мирза Абдулазим Сомий, 1990, p. 146
- ↑ Муҳаммад Али Балжувоний, 2001, p. 36
- ↑ Aйний, 1966, p. 201
- ↑ Бухоро ахбори, 1923, p. 7
- ↑ 10.0 10.1 Baqoyev, 2021, p. 79