Шишмарёв Владимир Федорович

Шишмарёв Владимир Федорович (13(25). 3. 1875, Петербург - 21. 11. 1957, Ленинград) - советтик филолог, СССР ИАнын академиги (1946).

  • Петербург университетин бүткөн(1897).
  • Петроград (кийин Ленинград) университетинин профессору (1918-жылдан).
  • Костромада биринчи Жумушчу-дыйкан университетин уюштурган.
  • СССР ИАнын Дүйнөлүк адабият институтуна директор (1944-47).
  • Тил таануу институтунда илимий иш жүргүзгөн (1950-57).

Негизги эмгектери роман филологиясы боюнча: «Гильом де Машо. Лирикалык поэзия» (1-2-т., 1909, французча, Француз академиясынын Сентура сыйлыгы, 1909) ж. б.

Палеография, текстология, лингвистикалык маселелери жана музыка тарыхы менен теориясы боюнча да эмгектери бар.

1957жылы Лениндик сыйлык алган. Ленин ордени, башка 3 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9