Шляхта - 1569-ж.Люблин униясынан кийин Речь Посполитада (Польша королдугунда, Литва улуу княздыгында) жана Борбордук Европанын бир катар өлкөлөрүндө өзгөчө артыкчылыкка ээ катмар.

Алгач Шляхтага рыцарлар менен ак сөөктөрдүн төмөнкү тобу кирген. 16-18-кылымдарда Шляхтанын саясий ролу өсүп, салыктан бошотулган. 1795-ж. Речь Посполита жоюлган сон, мамлекеттер Орусия, Пруссия жана Австриянын ортосунда бөлүнүп, Чехия, Словакия, ошондой эле Орусия, Белоруссия жана Украинада шляхтанын даражасы дворяндарга тенештирилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4