"Шоушенктен качуу" (англ. The Shawshank Redemption) — 1994-жылы Фрэнк Дарабонт тарткан жана жазган америкалык драма. Тасмага Тим Роббинс жана Морган Фриман катышкан. Тасманын сценарийи Стивен Киңдин "Рита Хейуорт жана Шоушенктен куткаруу" новелласына негизделип, күнөөнү мойнуна албаганына карабай аялын жана анын көңүлдөшүн өлтүрдү деген күнөө менен Шоушенк мамлекеттик түрмөгө камалган Энди Дүфрейн аттуу банкир аттуу окуяны баяндайт. Энди түрмөдө "Ред" лакап аттуу Эллис Бойд менен достошот жана түрмө күзөтчүсү аны акча өндүрүүгө жумшаганда аны коргоп калышат.

Шоушенктен качуу
Режиссеру Фрэнк Дарабонт
Продюсер Ники Марвин
Сценарийи Фрэнк Дарабонт
Оператору Рожер Дикинс
Негизинде Рита Хейуорт жана Шоушенктен качуу
автору: Стивен Киң
Тартылгандар
Музыкасы Томас Нүман
Редактору Ричард Фрэнсис-Брүс
Студия Castle Rock Entertainment
Жайылтуучу Columbia Pictures
Чыккан жылы
  • сентябрь 10, 1994 (1994-09-10) (Торонто)
  • сентябрь 23, 1994 (1994-09-23) (АКШ)
Узактыгы 142 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $25 млн[2]
Киреше $58 млн[3]

"Шоушенктен качуу" киносынчылардан жылуу пикир алганы менен "Кылмыш окуясы" сыяктуу тасмалардын атаандаштыгынан улам аз сатылып, кирешеси да аз болгон. Тасма 7 Оскар сыйлыгына жана башка бир топ сыйлык наамдарына талапкерлиги көргөзүлгөн жана киносынчылардан аткаруу чеберчилиги, окуясы жана тасманын реалдуулугу боюнча алкышка татыган. "Castle Rock Entertainment" Тед Төрнердин колуна өтөөрү менен тасма 1997-жылдан баштап Төрнердин телетармагында дээрлик күнүгө көргөзүлүп жатып популярдуу боло баштаган. Азыр болсо тасма 1990-жылдардагы эң мыкты тасмалардын бири болуп эсептелет. Тасма VHS, DVD, Blu-ray жана телевидениеде ийгиликке жетишкен.

Тасма "AFI" рейтингинин 100 жылда 100 тасманын ичине кирген (10 жылдык мааракесинде). 2015-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.


Сюжет түзөтүү

1947-жылы Мэн штатынын соту тарабынан Энди Дюфрейндин, мурдагы банктын вице-президенти, аялын жана анын ойношун өлтүрүп салгандыгы тууралуу иши каралып жаткан. Энди күнөөнү моюнга албайт, бирок ошол эле учурда кылмыш болгон түнү мас болгондугу үчүн эмне кылганын такыр эстей албайт. Өлтүрүү болгонго чейин Энди аялынын ойношу менен көрүп калып, ажырашууга макул болбой койгон. Андан соң ал барга барып, көп ичип алып, аялы кеткен үйгө барганда алар жок болот, Дюфрейндин жанында тапанчасы бар болчу, аларды күтүп отуруп, соолугуп, үйүнө кетип калат. Ал эми эртеси үй кызматкери Дюфрейндин аялы жана ойношун атылган денелерин көрөт. Эндинин тапанчасын полиция таппай коёт, жана баардык далилдер ага каршы турган, ошондуктан сот аны өмүр бою эркинен ажыратып, өзүнүн каардуулугу менен белгилүү болгон Шошенк түрмөсүнө түшөт. Түрмөнүн башчысы Нортон кудайга калп эле ишенгшенин көрсөткөн, ал эми күзөт кызматыны башчысы Хедли Энди менен чогуу келген жаңы соттолгондордун бирин өзүнүн каардуулгун көрсөтүү үчүн өлгөнгө чейин сабап салат.

Дюфрейн абактын кир жуучу жайында иштеп калат да, бир нече убакыттан кийин негр Ред менен таанышып калат. Ред-өзүнүн байланыштары аркылуу ар кандай товарларды түрмөнүн аймагына алы кирип, "дүкөн" кызматын аткарган. Энди андан балка сурап, ал ташты иштетүгө кызыгаарын айтып, буйрутма кылат. "Кыздар" деп аталган топтун мүчөлөрү Дюфрейнге тийишип, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет жасашканы менен Энди аларга моюн сунбай, акырына чейин күрөшөт.

1949-жылы, Реддин жардамы менен Энди түрмөнүн чатырын оңдоп жаткан бригадага кошулуп, бир күнү Хедлинин мурастан калган салыкты кантип төлөйм деп башы катып жатканын айтканда угуп калып, ага өз кенешин берип, жардам берет. Хедли Эндиге ыраазычылык ирээтинде пиво берип, кийинчерээк "Кыздар" тобу Эндиге кайра кол салышканда анын башчысын майыл болуча сабап салат да, андан кийин алар аны жайына коюшат. Дюфрейндин иш оңолуп, китепканада иштеп калат.

Дюфрейн абактын кароолчуларына финансылык жана юридикалык консультацияларды бере баштайт жана салык декларацияларды толтурат. Бара-бара түрмө башчы Дюфрейн өмүрүндө кылып көрбөгөн финансылык махинацияларды жасай баштайт. Нортондук уурдап тапкан акчаларын мурда жашабаган, чыныгы жашоодо такыр жок эле адамга, документтерин жасап, анын аты-жөнүн жазып, жада калса анын атынан салык да төлөгөн Энди "жок" адамга которот. Ошол эле учурда ал штаттын Сенатына кат жолдоп отуруп, 6 жылдан кийин араң акча бөлүнүүсүнө жана китепкананы эски китеп менен камсыз кылуусуна жетишет. Дагы төрт жылдан кийин китепканага жыл сайын акча бөлүнүп турм ай болуп, китепкана үлгүлүү болот. Муну түрмө башчы өз убагында турмөнү укмуш кылып өзгөртүп жатам деген мааниде журналисттерге көргөзүп, колдонуп кетет. Ал "Ичинен жана сыртынан" деген программа иштеп чыгат. Анын негизинде абактагы адамдар түрмөнүн сыртында коомго пайда алып келчү жумуштарды жасашчу.

Арадан Энди түрмөгө түшкөн күндөн бери 20 жыл өтөт. Түрмө башчы аны колдонуп, толтура мыйзамсыз акча жасап турган. Энди башка абакта отургандарды да окутуп, билим бере баштаган. Томми Уильямс - жаш ууру менен да иштешип, ага сабак берип, анын окуган тууралуу аттестат алууга тестке даярдай баштайт. Томми "канаатандыраарлык"деген баа алып, мурдагы отуруп келген абактагы чогуу отурган адамдын кылган күнөөсүн Эндиге айтып берет. Анын айтымында чогуу отурган адам гольф-клубдун ээсин жана анын ойношун өлтүргөнү жана ал кылмыш үчүн аны эмес, аялдын күйөөсүн түрмөгө отургузуп салат. Энди түрмо башчыны ишин кайра карап берүүнү суранат. Бирок ал мындай акылдуу "акча жасагычты" колдон чыгаргысы келбей, макул болбой коёт. Дюфрейнди узак мөөнөткө карцерге камап, Томмини сүйлөшүүгө чакырат. Андан Эндиге айтып берген окуяны так далилде йаласынбы дегенде ооба деп жооп берет. Ошондуктан мурдатан даярданып турган хедли вышкадан Томмини белги берилгенде калп эле качып бараткандагысы үчун деп атып салат.

Дюфрейн карцерден бошонуп, жөнөкөй камерага келет жана мурдагыдай эле башчыга иштейт. Редге бир жолу ал түрмөдөн чыккандан кийин Тынч океандын жээгинде жайгашкан Сиуатанехо деген шаарга мейманкана кураарын жана бул шаардын атын эстен чыгарбасын өтүнөт. Жана Редге Бакстон деген шаардагы бир жер жөнундо айтып берет. Ред тамактануу учурунда жанындаг ыдосторуна энди жөнүндө айтат. Алар карцерде отуруп Энди жинди болуп кеткенин жана өзүнө кол салаарын айтышып, абдан коркушат.

Эртеси күнү ал камерада жок болуп чыгып, качып кеткени билинет. Дубалда илинип турган кыздын плакатынын артында Энди түнү менен көп жылдар аралыгында туннель казып, анын топурагын сейилдегенге чыкканда байкатпай төгүп турган. Ошол түнү ал туннель менен өтүп, дааратканын агындысы өткөн трубаны чагылган чартылдаган сайын таш менен чаап жырыт, үнү башкаларга билинген эмес, чагылган деп ойлошкон. ал труба менен түрмөнүн аймагынан чон сууга чейин бутуна костюм шым, туфли жана эң керектүү нерселерин баштыкка салып байлап сойлоп өткөн. Түрмө башчы жана баардык күзөтчүлөр түрмөнү жана тегерек аймакты тинтип жаткан кезде Энди бир топ банктаврга барып, Нортондун акчаларын которуп турган "Калп" кишинин эсептерин жаап, болгон 370 миң акчаны алып кетет жана гезиттин редакциясына Шоушенк түрмөсүндө болуп жаткан коррупциялык схемалар жөнүндө материалдаржды жиберетю Жыйынтыгында Хедли кармалып, ал эми Нортон полиция келгенде эшикти ачпай, өзүн өзү өлтүрөт

Кийин Ред Мексикага жакын жайгашкан Форт Хэнкок шаарынан алынган открытка алат жана Энди кайсыл жерден чек араны өтекөндүгүн билет. Кезексиз чыгаруу боюнча комиссия өтүп(Ред андан бир нече жолу өткөн, бирок баарында тең кайра түрмөгө калтырылган), ал эркиндикке чыгат. Бүт өмүрүн темир тор артында откөргөн Ред чыныгы жашоодо жашай албасын билип, өзүн өзү өлтүрөйүн дейт, бирок аны Эндиге берген убадасы эле кармап турган. Ал айткан жерди таап, ал жерде кат таап окуйт, ал кат Эндиден болчу. Кийин ал Мексикага келип, Энди айткан шаарындагы Тынч океандын жээгинен эски досун табат.

Тартылгандар түзөтүү

  • Тим Роббинс — Энди Дюфрейн
  • Морган Фримен — Эллис Бойд «Ред» Реддинг
  • Боб Гантон — директор Сэмюэл Нортон
  • Уильям Сэдлер — Хейвуд
  • Клэнси Браун — капитан Байрон Хедли
  • Джил Беллоуз — Томми Уильямс
  • Марк Ролстон — Богз Даймонд
  • Джеймс Уитмор — Брукс Хэтлен
  • Ларри Бранденбург — Скит
  • Нил Гвинтоли — Джиггер
  • Брайан Либби — Флойд
  • Дэвид Прувал — Снуз
  • Рени Блейн —  Эндинин аялы

Шилтемелер түзөтүү

  1. The Shawshank Redemption. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 15 -август (баш оона) 2015.
  2. The Shawshank Redemption (1994). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 4 -январь (үчтүн айы) 2010.
  3. Adams, Russell The Shawshank Residuals. The Wall Street Journal (May 22, 2014). Текшерилген күнү 5 -февраль (бирдин айы) 2015.