Пётр Шубин

Шубин, Петр Федорович‎»‎ барагынан багытталды)

Петр Федорович Шубин (1894-1948) - Көрүнүктүү дирижер, композитор жана педагог. Ал 1894-жылы 11 -июнда Оренбург областындагы Ташла селосунда жыгач устанын үй-бүлөсүндө туулган. 1908-1915-жылдарда Петербургдагы музыкалык курсту, кийин Петербург консерваториясынын композиция жана фортепьяно классын бүткөн. 1915-жылдан 1928-жылга чейин Ленинградда, Башкортостанда жана Оренбургда музыка мугалими болуп иштейт. 1928-жылы Москвадан өкмөттүн жиберүүсү боюнча Кыргызстанга келет. Элдик музыкалык аспаптарынын улуттук өзгөчөлүктөрүн ийне-жибине чейин билип, ар бир күүнүн аткарылышына, музыкалык стилине, формасына терең түшүнөт. Эл арасында белгилүү болгон жөндөмдүү музыканттарды чогултуп, өзү уюштурган он кишилик кичинекей ансамблди 70 адамдан турган оркестрге айландырып, анда иштеген музыканттардын бардыгына нота үйрөтүп жана аларга коллективдүү ойноонун ыкмаларын түшүндүрүп, музыкадан сабак берет. Ошентип, өзү жетекчилик кылган кыргыз улуттук оркестринин биринчи концерта эл алдында 1936-жылы 18-майда Кыргыз Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөн. Жаны уюшулган бул оркестр үчүн элдик күүлөрдү оранжировкалап чыккан. <Кыргыз хору уюшулганда-хорлорду, бий ансамбли иштей баштаганда бий музыкасын жазган. Абдылас Малдыбаев менен бирге «Карачач», «Ажал ордуна» драмаларына музыка жазып, «Сынган кайрык», «Чоң кербез», «Карылык», «Ой булбул», «Гүл», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кызыл - оршы>, «Кыздардын кыялы», «Гүлдөп ал», «Кыргыз темаларына фантазия», «Жаш тилек» -күүлөрдү иштеп чыккан. П.Ф Шубин - кыргыз музыкасына сиңирген көп эмгеги үчүн «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак Белгиси» менен сыйланат:ошол -жылдардагы «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана эмгек сиңирген ишмери, «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген ардактуу наамдарды алат. Ал Фрунзеде (Бишкек) дүйнөдөн кайткан. П Ф Шубиндин ысмындагы музыкалык мектеп бар. Ал негиздеген Кыргызстандагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри өлкөбүздүн көп кадрларды даярдайт.

Пётр Фёдорович Шубин
Төрөлгөндөгү ысымы

Пётр Фёдорович Шубин

Адабият түзөтүү

Мамлекеттик Карамолдо Орозов атындагы эл аспатар оркестри. - Ф.: 1131 -Т1 - X. "Аипоза А. Улуттук музыкабыздын устаты // Сов. Кыргызстан. - 1987. - Кыргызстан маданияты. - 1973. - 18 - янв.