Шуйкучу (дуңганча — үй кызматчысы) — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Коңурбайдын тыңчысы. Манастын ашпозчусу катары кызмат кылат. Кытай тарап жеңилип Эсенкан Чет Бээжинди Манаска өткөрүп бергенде тартууга кеткендердин арасында Ш. төрө да болот. Ал мусулман динин кабыл алат. Манастын бардык жагдайын байкап жүрүп, аларды катка түшүрүп, Коңурбайдын атайы жиберген дубанасы аркылуу нанга кошуп кат берет. Ш. эпосто Манастын жарадар болушуна түздөн-түз себепкер кейипкердин бири катарында сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4