"Шык менен сыйлангандар" (англ. Graceling) — америкалык жазуучу Кристин Кашордун жаш окурмандарга арналган фэнтези романы жана анын адабий дебюту.

Китеп 2008-жылы Publishers Weekly журналынын "Жылдын мыкты китептери" тизмесинен орун алып, сынчылардын жалпысынан оң ой-пикирлерине татыган. Чыгарманын артынан коштомо китеп "От" жана уландысы "Кочкул көк" китеби жарык көргөн. Анда "Шык менен сыйлангандардагы" окуялардан сегиз жыл өткөндөн кийинки абал чагылдырылат. Ал 2012-жылдын 1-майында Penguin Young Readers Group компаниясынын алдындагы Dial тарабынан басылып чыгарылган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

"Шык менен сыйлангандар" Америка китепкана бирикмесинин (АКБ) "Уилям Моррис" сыйлыгынын кыска тизмесине киргизилген, АКБнын "Жаш окурмандарга арналган эң мыкты китеп" сыйлыгынын ээси, "Сибилстин" (Фэнтези/Илимий фантастика категориясында) финалына чыккан, "Андре Нортон" (Жаш окурмандардын илимий фантастикалык жана фэнтези чыгармасы) жана "Индилердин тандоосу" (Жаш окурмандардын китеби категориясында) сыйлыктарынын финалчысы болгон. "Шык менен сыйлангандар" 2009-жылы Түштүктөгү карандысыз китеп сатуучулар бирикмесинин "Жаш өспүрүмдөр китеби" сыйлыгын утуп алган. Ошондой эле китеп төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:

  • 2008-жылы Publishers Weekly журналынын "Жылдын мыкты китептери"
  • 2008-жылы School Library Journal журналынын "Мыкты китептер"
  • 2008-жылы Booklistтин "Жаштар үчүн мыкты он роман"
  • 2008-жылы Booklistтин "Редактордун тандоосу"
  • 2009-жылы Amelia Bloomer тизмеси
  • 2009-жылы Amelia Elizabeth Walden сыйлыгынын финалчысы
  • 2009-жылы Балдар адабиятынын "Мифтик-поэтикалык фэнтези" сыйлыгы
  • 2010-жылы Washington Evergreen сыйлыгына көрсөтүлгөн
  • 2010-2011-жылдары Eliot Rosewater сыйлыгына көрсөтүлгөн
  • 2009-жылы Балдар китептеринин бюллетен борборунун "Көк резина" тизмесине кирген
  • 2012-жылы Калифорниянын жаш окурманы медалы

Шилтемелер түзөтүү