Ыйгарым укук – бир адамдын (өкүлдүн) экинчи адамдын (өкүлдүк берүүчүнүн) атынан бүтүм түзүү укугу, ошонун өзү менен ал өзү өкүлү болгон адамдын укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт, токтотот. КР жарандык укугу боюнча Ы. у. ишеним катка, атайын укуктуу мамлекеттик органдын, же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын актысына, мыйзамга негиздениши мүмкүн, ошондой эле өкүл иш-аракет жүргүзгөн жагдайга байланыштуу болушу да ыктымал (чекене соодадагы сатуучу, кассир ж. б.). Ы. у-гу жок эле башка адамдын атынан иш-аракет жүргүзгөн, же Ы. у-тун чегинен чыккан учурдагы бүтүм, андан кийин эгерде өкүлдүк берүүчү ал бүтүмдү тикелей ырастабаса, ал аны түзгөн адамдын атынан жана ошонун кызыкчылыгында түзүлгөн деп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү