Ыраман"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча казактын улуу жүзүнөн. Каратайдын (Ырчыуулдун) атасы. Орго кандын увазири. Манастын Орго кан менен болгон согушу, Манас баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнү, Бокмурун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү койгону, Көкөтөйдүн ашы окуяларда айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Ырчыуул орус каны Ы-дын (Романовдордун сулалесине байланыштырылып) уулу делет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4