Ыраң (лат. Carex, L. 1753) – ыраңдар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Борпоң дүңчөлүү, чанда жалгыздан өсөт. Сабакы, тамыры сойлоп өсөт. Кээде булактан жайылып аккан сууда өркөчтүү сазды пайда кылат. Сабагынын бийикт. 50 смден ашпайт. Жалбырактары сызгычтай түз, ичке. Гүлү бир жыныстуу, адатта бир үйлүү өсүмдүк. Гүл жандагычы жок, майда гүлү машакча топ гүлгө чогулган. Аталык гүлү жабуучу түрпөлөрдүн колтугунда жайгашып, 3 аталыктуу, энелик гүлү, баштыкча деп аталган гүл жалбырагынын ичинде болот. Жер жүзүндө 1500, Кыргызстанда 55тей түрү бар. Алар мелүүн жана суук алкактагы нымдуу жерде таралган. Кыргызстанда бөксө тоолордон бийик төрлөргө чейинки суу жетиштүү жерде өсөт. Эрте жазда өсүүчүлөрүн мал жакшы оттойт. Айрым райондордо негизги чабынды чөп. Кай бир түрлөрүнөн аркан, күдүрөкөй кагаз, парниктерде, ошондой эле чарбада колдонулуучу жабуу (калканч), үй эмеректерин жасоо үчүн жана башка керектелет. Айрым түрлөрү медицинада колдонулуп, кооздук үчүн да өстүрүлөт.

Carex halleriana.

Колдонулган адабияттар түзөтүү