Ыргак (ритм) – кандайдыр бир иш-аракеттин белгилүү бирдей убакытта кайра-кайра кайталанып турушу. Турмушта бардык нерсенин ыргагы болот, маселен жүрөктүн согушу, күн менен түндүн алмашышы, суунун агымынын бирдейлиги, толкундун кыймылы ж.б. Мына ушул ыргак бузулганда нормалдуулук сакталбайт, жүрөктүн бирдей сокпошу адамдын дартын билдирет, демек, ыр ыргагынын бузулушу ырдын ырдык касиетин жоготот. Ырды ыр кылган ушул – ыргак. «Ритм – ырдын негизги күчү, негизги кубаты» (В. Маяковский). «Ак учук бердим саптап ал» десек ал ыр болгон жок, ошого дагы сап улайлы: «анан аны үйүңө алып кет», деле ыр болгон жок, себеби биринчи саптагы ыргак дагы кайталаныш керек эле, андай болбогондуктан ыргак бузулду. Ыргак калыбына келиш үчүн «ак учук бердим саптап ал» деген сөз айкашына «ак шумкар бердим таптап ал» дегенди кошкондо ыргак пайда болду да, эми ырга окшоду. Ыргак ар бир тилдин ички тыбыштык, грамматикалык, стилдик мыйзамдарына байланыштуу түзүлөт. Ыргак – жер шарындагы тилдердин баарында жазылган, айтылган ырларга мүнөздүү көрүнүш, бирок аны түзүүнүн каражаттары ар биринде ар башка. Ал узун жана кыска муундардын айкалышынан, муундардын санынын бирдейлигинен, басым муундардын айкалышынан жана муун менен басымдардын катышынан түзүлөт. Ушуга карап дүйнөлүк ыр түзүлүшүнүн төрт системасы ажыратылып келүүдө.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004