Ырым-жырымсалт тарабынан аныкталган, тигил же бул социалдык идеяларды, түшүнүктөрдү, нормаларды жана баалуулуктарды билдирген жана белгилүү бир коллективдик сезимдерди жараткан символикалык, стереотиптик коллективдүү иш-аракеттердин жыйындысы.

Ырым-жырымдар жашоонун объективдүү агымына анын ийгилик алып келүүчү нукка буруу үчүн таасир берүү максатын көздөйт. Балдардын төрөлүүсү, үйлөнүү той, өлүмгө байланыштуу ырым-жырымдар, үй-бүлөлүк ырым-жырым, ал эми айыл-чарбасы менен байланышса календардык ырым-жырымдар деп аталат. Көптөгөн ырым-жырымдар эң байыркы диндер менен кошо жаралып бүгүнкү күнгө чейин жашап келатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.