Ысар, Гиссар тоокыркасы - Ысар-Алай тоо системасынын бир бөлүгү. Узундугу 200кмдей, бийиктиги 4643мге чейин. Рельефи бийик тоолуу. Ысар тоо кыркасынан Заравшан суусу менен Амударыя башталат. Түндүгүндө Ысар орөөнү созулуп жатат. Кыргыздар Ысарга 15-кылымдын аягында эле жайгаша баштагандыгын айрым маалыматтар ырастайт. Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча 1635-36-жылдары 12миң түтүн кыргыз Каратегин аркылуу Ысарга келгендиги айтылат. Алардын 12 башчысы Балхтын башкаруучусу Надир Мухамеддин кабыл алуусунда болгон жана алар Ысар вилаетинде калып, [[Ислам |исламды]] кабыл алууну ниеттенгендигин билдиришкен. КыргыздаКалмактаррдын бул өтүнүчү Имамкули хандын кагаз жүзүндогү указы менен бекемделген. Кыргыздардын Ысарга калмактардын кысымынан улам киргендиги Хожамкули Бек Балхинин “Тарих-и Кипчакхани” аттуу эмгегинде : Картегинле турган 100миң үйлүү кыргыздар калмактардан качып, Ысарга киргендиги, ал жерден өзбектердин 100уруусу менен кагылышып, андан ары Кулябга өтүп, дурмен уруусу менен согушуп, Аларды Амударыянын аркы өйүзүнө сүрүп чыгаргандыгы баяндалат.

"Манас" эпосундагы "Ысар" аныктамасы түзөтүү

Ысар, Гиссар, Хасар, Хисар — топоним. Түрк, араб, иран, Орто Азия өлкөлөрүндө түздүктөрдөгү чеп, сепил; шаарды айланта курулган чеп сымал коргон деген маанини билдирет. Алтайдан көчүп келген кыргыздардын бир тобу Алайдан өтүп Ы. тоосун таянып туруп калышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 200). Көкөтөйдүн ашында Ы-га да кабар жиберилип, Салай датка, Санжыбек баштаган эл келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 42, 54, 70). Көкөтөйдүн ашына байланыштуу эпизоддо мындай деп айтылат:

Аркасынан эр Манас
Аскерин жыйнап калыптыр,
Башын Арсы, Жөлөктөн,
Аягын Ысар, Көлөптөн,
Аскер жыйбай кошуна
Кыргызынан бөлөктөн,
Жүрсүн Манас дүңгүрөп (Сагымбай Орозбаков, 3. 110).

Ысар «Аягы Ысар, Көлөптө» деп эпикалык кайталоолор менен берилген. Анткени, кыргыздар бир кездерде ошол жерлерге чейин барган. Орто Азия окумуштуусу Махмуд Ибн Валинин «Бахр ал-асрар» аттуу чыгармасында 1636жылдын башында, кыштын күнү он эки миң кыргыз түтүнү Кара-Корум менен Керуленден Каратегин аркылуу, Гиссардын жанына келишти деген маалымат берилген. Тарыхый булактар боюнча кыргыздын бир бөлүгүнүн Гиссар, Кулябка жакын Каратегинде пайда болуш мезгилин 1551 —1556-жылдар деп белгилесе болот. Ы. (Гиссар) Куляб (Көлөп), Балык (Балх), Каратегин жана башкалар Ооган менен Тажикстандагы жерлер кыргыздардын ошол мезгилдерден бери жердеп турган жерлери болгон. Географиялык реалияда Орто Азия, Памир-Алай тоо системасынын батыш бөлүгүндөгү (Өзбек жана Тажик республикаларында) кырка тоо, өрөөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү