Ысмайыл Борончиев. Чыгармачылыгы совет мезгилинде, жаңы турмуш шартында калыптанган ырчылардын ичинен эң көрүнүктүүсү Ысмайыл Борончиев 1910 – жылы Чүйдөгү Алчалуу айылында жарды адамдын үй – бүлөсүндө туулган. Анын чыгармачылыгы жаңы коомдогу жаңы маданияттын таасири менен өнүгүү жолуна түшкөн.
1930 – жылдарга чейин элдик ыр – күүлөрдү астейдил аткаруу менен турмуш көрүнүштөрүн өз алдынча ырга кошуп ырдап келген. Анын репертуары жарды болсо да, төгүп ырдоо жөндөмдүүлүгү күчтүү эле. Ошол таланты адилет бааланып, ал 1936 – жылы кыргыз филармониясына алынат. Көрүнүктүү ырчылар Калык, Алымкул, Осмонкулдардын катарында ондогон жылдар бою ырдап жүрүп, ырчылык өнөрдүн салттык касиеттерин, айтыш өнөрүн өзгөчө мыкты деңгээлде өздөштүрөт. Атак – даңктуу ал ырчылардын катарында алардай атак – даңкка жетишпесе да, ак кызмат жагынан, үзүрлүү чыгармачылык жагынан алардан кем эмес деңгээлде болгон. Кыргыз жергесинин бардык булуң – бурчтарында болуп, тематика, чеберчилик жагынан чектелбей ырдап келген.
Чыгармачылык орошон өмүрүндө ал жыйырмага жакын ырлар жыйнактарын чыгарган. Ырларында жазма поэзиянын ыкмасы менен жаралган ырлары да арбын. Бирок аларда да төгүп ырдоонун жоргодой болгон ыргагы туюлат. Совет мезгилинде акын – жазуучулардын баары бийликти, анын саясатын ырдап калышкан. Ысмайыл Борончиев мында да өзүнө таандык чыгармачыл жол – жобого ээ болгон. Айрыкча белгилүү ырчы Токтонаалы Шабданбаев менен көп жылдар бою түрдүү шартта, түрдүү багытта айтышып жүрүп, жаңы мезгилдеги айтыш өнөрүнө көзгө көрүнөрлүк салым кошо алган.
Жаңы мезгилдеги айтыш өнөрү да байкалбас өзгөчөлүктөргө ээ. Кай бир көрүнүктүү эле ырчылар, чеберчилиги деле жогору боло туруп, айтышта өзүн анчейин көрсөтө алган эмес. Алардын айтыштарында идеологиядан абайлагандык, туура эмес ырдап коюудан чочулагандык сезилет. Ал эми Ысмайыл Борончиев ошондой эле айтыштарында жаркын юмор, эркин чабыттоо, чыныгы эргүү менен ырдаган. Жогоруда айтылган бир ойду кайра кайталоо зарылдыгы пайда болду. Адатта ырчылардын шаңшыган ыры комузда коштоп, эч бир күч токтото алгыс болуп эригенде гана төгүлөт. Ошондо гана анын ырынын көркү да, маани – маңызы да ачылат. Ал эми ошол эле ырлар китеп болуп чыкканда нотадагы музыкадай же музыканын нотасындай кабыл алынат. Бул да бир беткей чындык эмес. Маселен, Барпынын санаттарындагы идеялар укканга да, окуганга да бирдей таасирдүү. Же Жеңижоктун ырларындагы көркөмдүк же кооздук ырчылыктын өлбөс – өчпөс касиеттери.
Совет мезгилиндеги ырчыларда андай болбоду. Буга чейин профессионал жазма поэзиянын өкүлдөрү менен бир катарда болуп, чыгармалары да бирдей бааланып жаткандактан, бул мезгилдеги ырчылар эл алдында кандай ырдашкан болсо, ырларын жыйнак кылып, китеп чыгарганга да, эки ыкманы бирдей колдонуп, тематикалык – даңазалоочу ырларды көбүрөөк жаратканга да абдан кызыгышты. Муну Ысмайыл Борнчиевдин алды – артындагы ырчылардын чыгармачылыгынан көрүүгө болот. Сыягы, төгүп ырдаган ырчы Токомбаев менен Осмоновдун деңгээлинде болбосо да, андан жөнөкөйүрөөк сапатта ырларды жазууга жөндөмдүү келет өңдөнөт. Анын үстүнө массалык түрдө же милдеттүү түрдө партияны, Ленинди мактап ыр жазуу эреже катары болгондуктан, ыр китептеринин башталышы жагына ошол мазмундагы ырларынан кийирип койсо эле, андай китептер чыга берген, калем акы да жакшы төлөнгөн.
Мына ушундай ыңгайлуу шартта Ысмайыл Борончиев жулунуп китеп чыгара бергенге умтулбай, ар бир ырында төкмөлүк өнөрдүн салттарын сактоого аракет кылды. Анын ырчылык чеберчилиги кантсе да куюлушкан элдик ырларга жакын.
1942 – жылы ырдаган “Зууракан” деген ырында ошол касиет жатканы көрүнүп турат:
Жандай салып бастырсам,
Жарк этип карап астыртан.
Жазылбайт беле кумарым,
Жайлап – кыштап аз турсам.
Кыя салып бастырсам,
Кылт этип карап астыртан.
Кыйналбайт элек мынчалык,
Кыштап – айлап аз турсам
Пайдаланылган адабият: П.Ирисов "Ырчылар чыгармачылыгы".