Ысык-Ата минералдуу суусу

Ысык-Ата минералдуу суусу Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы, дарылык касиети бар ысык суу булактары. Бишкек шаарынан 77 км түштүк-чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Ысык-Ата капчыгайында, деңиз деңгээлинен 1775 м бийиктикте. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү (археол. маалыматтар боюнча жылуу булактар б. з. 2–3-кылымында эле пайдаланылган). Алгачкы геол. маалымат 1875-ж. берилген. Жылуу суунун аймагында палеозойдун метаморфизмделген сланец, кумдук ж. б. чөкмө тоотектери жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы, ошондой эле аларды жаап жаткан антропогендин борпоң чөкмөлөрү жатат. Тоотек катмарларын меридиан багытында созулуп жаткан терең тектоникалык жарака кесип өтөт. Аны бойлой көп ысык суу булактары жайгашкан. Суунун температурасы 48–55°Сге чейин, тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Булактардын жалпы чыгымы 3,64 л/сек. Кенде 8 бургулоо көзөнөгү бар. Алардан чыккан ысык суунун жалпы чыгымы 20 л/сек. Суу аз минералдашкан (0,23–0,30 г/л). Кремний кислотасы арбын (40–50 мг/л). Сульфат-хлорид-гидрокарбонат-натрийлүү. Курамында азот 98%, фтор 85 мг/л, аз өлчөмдө бром, темир, титан, ванадий, алюминий, молибден, стронций, жез, литий кезигет. Запасы суткасына 2,2 миң м3. Жылуу суунун базасында Ысык-Ата курорту иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү