Ысык-Көл мамлекеттик университети

Ысык-Көл мамлекеттик университети К. Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайы.

Алгач 1940-ж. эки жылдык Мугалимдер институту катары негизделген. Кийин Каракол педагогика институту (1953), КМУнун Караколдогу филиалы (1988-91), Ысык-Көл мамлекеттик педагогика институту (1991-92), 1992-жылдан мамлекеттик университет аталган. Университетте илимий даражалуу (а. и. проф., доцент, илимдин докторлору) жана тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенет. 7 ф-т, 28 кафедра, 9 окуу борбору жана 1 коллежи, 7 окуу корпусу, 3 илимий лаборатория, 5 окуу өнөрканалары, спорт аянтчалары, жатаканалары, медициналык профилакториялары бар, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде спорттук, ден соолукту чыңдоо лагери иштейт. Университетте К. Тыныстановдун, К. Карасаевдин музейлери уюшулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4