Эвдиалит (гр. eudialytos - оңой эрүүчү) - шакекчелүү силикаттар классындагы, тоо тек пайда кылуучу минерал, Na4(CaCeFeMn)2ZrSi601?(0HCl)2.

Кошуундулары: Sr, Nb, Ti, К ж. б. Тригон системасында кристаллданат. Кызгылт, кызыл, ачык күрөң, сары, саргыч күрөң түстөгү бүртүкчө, кристалл түрүндө кездешет. Айнек сымал жылтырайт. Четтери жана жука сыныгы тунук. К-тада жакшы эрийт. Айрымдары радиоактивдүү. Морт, катуулугу 5-5,5, тыгыздыгы 2,83 г/см3. Жегичтүү магма тоо тектеринде жана пегматитте нефелин, талаа шпаты, эгирин ж. б. минералдар менен бирге кездешет. Курамында Эвдиалит арбын кездешкен жегичтүү интрузия тектеринен циркон жана сейрек жер элементтери алынат. Э-тин кендери Канада, Норвегия, Россия, АКШ ж. б. өлкөлөрдүн аймагында табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4