Эвенктер (эскиче аталышы - тунгустар, өздөрүн эвенкил деп аташат) - РФтин (Чыгыш Сибирь) жергиликтүү калкы.

Жалпы саны 80 000 киши, а. и. Россияда 38 396 (Саха Республикасында 18 232, Краснояр крайында 4 632, Эвенк районунда 3 802, Хабаров крайыңда 4 533, Бурятияда 2 334, Амур облусунда 1 501, Забайкал крайында 1 492, Иркутск облусунда 1 431); Ошондой эле Монголияда жана Түндүк-Чыгыш Кытайда да жашашат (2010).

Эвенк, якут, хамниган, бурят, орус, кытай тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери шаманчылыкты тутат. Б. з. 1-миң жылдыгында Байкал бою жана Забайкальеден жер которуп келген тунгус уруулары менен жергиликтүү Чыгыш Сибирь аборигендери ассимиляцияланып, Эвенктер этносу калыптанган. Эвенктер бугучулук, мал чарбачылык жана балык кармоочулук менен кесиптенишет. 1930-ж. Краснояр крайынын чегинде Эвенктер жашаган аймакта Эвенк улуттук округу түзүлүп, 1977-ж. Эвенк автономия округу, 2009-жылдан Эвенк адм.-аймактык түзүлүш деп аталган. Мындан тышкары Кытайдагы Эвенк адм.-аймактык түзүлүшүнө Ички Моңголиядагы жана Хэйлунцзян провинциясындагы Орочон жана Эвенк автономия хошундары, сомондор ж. б. таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4