Эвклаз - силикаттар классындагы минерал, алюминийдин жана бериллийдин силикаты, А1Ве(БЮ4)(ОН).

Курамы (% менен); ВеО - 17,28; А1203 - 35,18; Si02 - 41,34; Н20 - 6,20. Кошундулары: Ge, Мп, Си, Сг, Pb, Sn, Zn, Ti, Ү, Yb, В. Өңү түссүз, ачык көгүш. Айнек сымал жылтырайт. Тунук, морт, катуулугу 7,5, тыгыздыгы 3,10 г/см3. К-тада эрибейт. Пегматиттерде жана кен чачындыларында кездешет. Ири кендери Бразилия, Заир, Зимбабве ж. б. өлкөлөрдө табылган. Зергерчиликте пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4