Эвристикалык аңгеме (грек.ευρίσκω (heuristiko) эвристика , лат. Evrica – издеп табам, бир нерсени ачам) – аңгемелешүүнүн бир түрү. Анда мугалим окуучудан мурда билген даяр билимин айтып берүүсүн талап кылбайт, аңгемелешүү учурунда баланын буга чейин ээ болгон тажрыйбасынан, билиминен улам, туура, билгичтик менен коюлган көйгөйлүү суроонун негизинде ага жоопту өзү издеп табуусуна ылайыкталган окутуунун суроо-жооп калыпы.

Эвристикалык аңгемелешүү жараяныда окуучу жаңы бир нерселерди болжолдойт, ой жүгүртүүлөрдөн кандайдыр бир башка жыйынтыктарга келет, күтүлбөгөн ойлорго кабылат, ачылыштарды табат. Бул метод курулай жаттап алуучулукка, догматикалык ыкмаларга каршы болуп, анда индукция аркылуу, көйгөйлөрдү коюу жана издөө менен жаңы жыйынтыктарга жетишилет. Мугалим бул аңгемелешүүлөрдө бири-бирине байланыштуу жана бирин-бири улаган көйгөйлүү суроолорду коет да, андан окуучу жообун айтып, ошол айтканы туура экенин далилдеп берүүгө умтулат. Метод окуучулардын изденүүчүлүк-табуучулук ишмердигин арттырып, өз алдынча ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө жакшы натыйжа берет. Окуучулар жооп туура эмес болсо, туура жолду издешет жана ошол аркылуу сабак процессинин активдүүлүгү артат.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004