Эдуард Аллен "Эд" Харрис (англ. Ed Harris;1950-жылы 28-ноябрда туулган) — америкалык актер, продюсер, режиссер жана сценарист. Ал төмөнкү тасмаларга тартылуу менен белгилүү болгон: "Туура нерселер" (англ. The Right Stuff, 1983), "Капчыгай" (англ. The Abyss, 1989), "Гленгарри Глен Росс" (англ. Glengarry Glen Ross), "Никсон" (англ. Nixon), "Аска" (англ. The Rock, 1996), "Абсолюттук күч" (англ. Absolute Power, 1997), "Акылдын оюндары" (англ. A Beautiful Mind, 2001), "Дарбазадагы душман" (англ. Enemy at the Gates, 2001), "Радио" (англ. Radio, 2003), "Зордук-зомбулук тарыхы (англ. A History of Violence, 2005), "Кош бол, сулуу" (англ. Gone Baby Gone, 2007), "Артка жол" (англ. The Way Back, 2010), "Текчедеги киши" (англ. Man on a Ledge, 2012), "Тартылуу" (англ. Gravity, 2013), "Кар тешкич" (англ. Snowpiercer, 2013) жана "Түнкү качкын" (англ. Run All Night, 2015). Харрис учурда "HBO" компаниясынын "Батыш дүйнөсү" (англ. Westworld) илимий фантастикалык драма сериалында тартылууда. "Starz" телеканалына Алехандро Гонсалес Инярритунун алдыда тарта турган "Бир пайыз" (англ. The One Percent) драма киносериалына катышмакчы.

Харрис "Оскар" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" сыйлыгына "Аполлон 13" (англ. Apollo 13, 1995), "Трумандын шоусу" (англ. The Truman Show, 1998) жана "Сааттар" (англ. The Hours, 2002) тасмалары менен үч жолу көрсөтүлгөн. Ал өзү алгачкы жолу режиссерлук кылып башкы каармандын образын жараткан "Поллок" (англ. Pollock, 2000) тасмасы менен "Оскардын" "Эң мыкты актер" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал "Оюн өзгөрүшү" (англ. Game Change, 2012) тасмасында сенатор Жон Маккейндин ролун аткарып, "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болгон. 2015-жылы Харрис Голливуддагы даңк аллеясында жылдызчага ээ болуп, ысымы чегилген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү