Эки тилдүүлүк, билингвизм - бир кишинин же бүт бир коллективдин өз эне тили менен катар экинчи бир тилди да билиши жана пайдаланышы.

Бир элдин экинчи бир элди жеңип алышы же алардын тынчтык жол менен аралашуусу, ар башка тилде сүйлөгөн элдердин өз ара тыгыз байланышта болушу эки тилдүүлүктүн массалык мүнөз алышына шарт түзөт. Маселен, КМШ элдеринин көбү маданий революция жеңгенден тартып эне тилдери менен катар эле орус тилинен да эркин пайдалана баштады. Эки тилдүүлүктүн процессинде тилдердин бири экинчисин толук сүрүп чыгышы же эки тил тең фонетикалык, грамматикалык, айрыкча лексикалык, көп өзгөрүштөргө учурашы мүмкүн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9