ЭлТР
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы (кыскача ЭлТР) — Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы болуп санаталат.
ЭлТР
| |
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | |
2024-жылы колдонуулучу логотип | |
Жалпы маалымат | |
---|---|
Өлкө | |
Берүү чөлкөмү | |
Берүү убактысы |
07:00-01:00 |
Берүү тилдери | |
Борбордук башкаруу | |
Сүрөттүн форматы |
4:3:SDTV 16:9:SDTV |
Каналдын багыты |
Мамлекеттик |
Алгачкы берүү күнү | |
Жетекчиси | |
Мурдагы аталыштары |
Ош (1970-1999) |
Курамындагы каналдар | |
Дареги |
Бишкек Эркиндик бульвары, 122/3 |
www.eltr.kg | |
Онлайн | |
Онлайн көрүү |
|
ЭлТРдин курамында «Билим жана Илим» телеканалы жана «ЭлФМ» радиостанциясы иш алып барат.
Тарыхы
түзөтүү1967-жылдын 15-сентябрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин коллегиясынын чечими менен «Радиоуктуруунун Ош облустук башкы редакциясы» негизделген. Алгачкы уктуруу 1968-жылдын 20-январында кечки саат 20:00дө экинчи программа аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагынын калкына тартууланган[1].
1970-жылдын 9-сентябрында көгүлтүр экранда «Ош студиясы» алгачкы көрсөтүүсүн тартуулады. Кийинки жылдары бул каналдын макамы бир нече жолу өзгөрүп турган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Жарлыгы менен «Ош-3000» телерадиокомпаниясы «ЭлТР» коомдук телерадиоберүү компаниясы болуп өзгөртүлгөн[2].
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартында Токтому менен «ЭлТР» коомдук телерадиоберүү компаниясы «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы макамын алып, мамлекеттик телерадиокомпаниясы болуп калган[1] жана ошол убактан бери иштеп келет.