Элвис Арон Пресли (Elvis Aaron Presley) (8. 1. 1935, Тьюпело – 16. 8. 1977, Мемфис) – америкалык эстрада ырчысы жана актёр. Пресли 1950-жылдардан Америкада «Рок-н-роллдун атасы» катары таанылып, эркин аткаруу стилинин өзгөчөлүгү менен рок музыканын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. «Good rockin' tonight» (1954), «Milkcow blues boogie» (1955), «I forgot to forget» (1955), «Мени назданып сүйчү» (1956), «Сени сүйүү» жана «Түрмөдөгү тагдыр» (1957), «Кинг Креол» (1958) ж. б. чыгармаларды жараткан. америкалык хит-параддарда анын аткаруусундагы 39 ыр мыкты 10 ырдын катарына кирген, 28 алтын диски чыккан. 1956-жылдан киного тартылган (33 роль): «Солдаттык блюз», «Көгүлтүр Гавайи» (1961), «Мүнөздүн өзгөрүлүшү» (1969) ж. б. 1958–60-жылдары АКШ армиясында кызмат өтөгөн. 1969–77-жылдары Улуу Британия, Гавайи аралында ж. б. өлкөлөрдө гастролдор болгон.

Элвис Пресли
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

Колдонулган адабияттар түзөтүү