Элдик дидактика – бул жаш муундарга таалим-тарбия берүүнүн максаты-мазмуну, аларды билим жана билгичтиктерге ээ кылуунун усулдары жана каражаттары жөнүндөгү салттуу көз караштардын жана тажрыйбалардын тутуму.

Элдик дидактика көз караштар жана тажрыйбаларды үч түрдүү түйүндүү түшүнүк-төрдүн чегинде кароого болот. алардын эң башкысы акыл, билим жана өнөрдүн баалуулугу жөнүндөгү элдик көз караштар. Байыркыдан мурасталган аңыз аңгемелерде, дастандарда, макал-лакаптарда жаш муундар үчүн акыл менен билимдин адам турмушундагы ордун ар тараптуу түшүнүүгө, алардын билимге болгон дитин ойготууга дүрмөт болуучу учкул сөздөр арбын. Билимдеги эң улуу күч, улуу дөөлөт, башкы байлык катары каралат. «Акыл тозбогон тон, билим түгөнбөгөн кенч», «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат», «Кылыч курал эмес, акыл курал», «Алтын чирибейт, акыл азбайт», «Акыл байлыгы, азбас байлык».

Элдик дидактика баалуулугун арттырган дагы бир жагдайы элдин көп кылымдын тажрыйбасынан жаралган эмприкалык билимдер. Эл өзүнүн жашоо тиричилигин уюштурууга зарыл болгон бардык билимдерди акыл парасат менен оңдоп, андан келип чыккан ой тыянактарын, тажрыйбаларын улам кийинки муундарга өткөрүп берип олтурат. Анын мазмунунда Ала-Тоонун флора жана фаунасы, аба-ырайына эсептөө, ченөө, астрономиялык, географиялык, тарыхый, агрономиялык медицинага байланышкан бүгүнкү нерсе билим берүүнү өркүндөтүүгө өбөлгө болуу үчүн актуалдуу билимдер да арбын.

Кыргыз эли өзүнүн көп кылымдык тарыхында билим-тажрыйбаларды гана топтобостон, аны жаш муундардын акыл эсине, жан дүйнөсүнө жеткирип, сиңирүүнүн комплекстүү усулдарын, жол-жоболорун да иштеп чыгышкан. Элдин пикиринде балдардын өнөр-билимге кунтун, ыклас-ынтызарлыгын өстүрүү кенедей кезинен башталышы зарыл («Жаш кездеги билгениң ташка тамга баскандай, карыганда билгениң карга тамга баскандай», «Уяда эмнени көрсө учканда ошону алат»).

Ал эми чыныгы билим жолуна түшүү адамдан чыдамкайлык туруктуулукту талап кылат («Илим ийне менен кудук казгандай», «Саргара жортсоң кызара бөртөсүң», жана кыйнабай жумуш бүтпөйт, талаптанбай муратка жетпейт»). Элдик дидактикалык жоболорго ылайык көз менен көрүп көөдөн менен туюлган нерселер гана чыныгы билим көрөңгөгө айланат («Миң уккандан бир көргөн артык», «Кулагыңа эмес, көзүңө ишен», «Көздөн алыс нерсе, көөдөндөн да ыраак болот»). Элдик дидактика таалим-тарбиянын ырааттуулук, тутумдук принциби да кылдаттык менен эске алынган («Иш кылсаң иретин бил», «Тамчыдан булак, булактан көл болот», «Азды билбеген, көптү да билбейт», «Көрө көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот», «Аста-аста иш кылсаң, алыстагыны аласың»). Элдин пикиринде өнөр билимге ээ болуу адамдын ынтаасы, ынтызаарлыгы, активдүүлүгү аркылуу гана ишке ашчу кубулуш («Эс акылыңды бербесең эңсегениңе жете албайсың»). Өзгөчө билим алуудагы өз алдынчалыкка терең маани берилген («Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт»).

Ошентип элдик дидактика бүгүнкү таалим-тарбия жараянын мазмунун ар тараптуу байытууга, өркүндөтүүгө тикеден-тике тиешелүү рационалдуу билимдер, тажрыйбалар арбын. Кеп аларды орду менен максаттуу пайдалана билүүдө жатат.



Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004