Чыгармачылыгы мол, көзүңдүн кароолуна алынгандан жоктон бар кылган, үзүлгөндү улаган усталар жана уздар. Чебер ошол буюм-кечедеги түрдү буруп, өнөрдүн даана табиятына таандык көркөмдүктү өзүнүн табитиндей берүүгө умтулушат. Чыныгы чебер ар түрдүү көркөм оюм-көчөттөрдөн жаңы ыргактарды таап, жаңы мазмундарды кошуп, көркөм буюмдарды жүзүнө чыгарат. Муну жаратуудагы уздун жана устанын бөтөнчөлүгү кооздуктун мотиви менен анын шумкардын чалгынындай ыргагын учурга шайкеш келтире алат. Өзүң бирөөлөрдөн мыктап үйрөн, анан уздан, узан, ойдогудай машыксаң башкаларга үйрөтүүң, таалим-тарбия берүүң жеңил болот. Бул чеберлердин жекече ыйык парзы.

Элдик чебер — кооз үлгүлөрдү жараткандар, аны колдон-колго тараткандар. Оюмду берүүдө, көркөм түр түшүрүүдө буюм бетинде чебердин бирдеңкеге өкүнүчү, кусалыгы, самаган ой-максаттары жүзөгө ашкан болот. Көмүркөй күтүп, көмүр өчүрүп, күжү күйгүзгөндүн буюм-тайымдарына көз жүгүртүп, түгөлү менен «уста», «уз» деп, учкай атап койгонубуз менен чыныгы көркөм өнөр ээлеринин чеберчилиги бөтөнчөрөөк сезилет. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн кан жолунда буюм бетине өздүк көчөт көчүрүүчүлөр, түр түшүрүүчүлөр, оюм берүүчүлөр, чыныгы чыгармачылыктын ээлери элдик чеберлер деп аталат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)