Электр балы, электр ок толгоочу валдары өз ара байланышпаган, электр кыймылдаткычтардын синхрондуу айлануусун камсыз кылуучу көп кыймылдаткычтуу электрдик кыймыл өткөргүч.

Жалпы жыштык өзгөрткүчтөн азыктануучу, бир нече синхрондук кыймылдаткычтар системасы. Электр балы бирдей ылдамдыкта иштөөчү (шлюздук механизмдер, ажыроочу көпүрөлөрдүн механизмдери, роликтүү конвейерлер ж. б.) машиналардын ортосунда механикалык байланышты түзүү мүмкүн болбой калган учурда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4