Электр органдар (лат. organa electrious) - балыктардын электр чыгаруучу жуптуу органдары. Э. о. айрым балыктарда (алабуга түспөлдүүлөрдүн кээ бирлери, жылан балыктар, скаттар, сомдор жана башка) кездешет. Азыркы учурда балыктардын 300 түрдөн ашыгына Э. о. белгилүү. Ар кандай балыктарда Э. о. жайланышы ар башка болору белгилүү. Булчуң, нерв же бездүү клеткалардын түр өзгөрткөнүнөн келип чыккан көптөгөн электр эбелектери пайда болушат. Бул клеткалардын мембраналарында химиялык реакциянын натыйжасында электр разряддардын ажырашы байкалат. Эбелектердин астыңкы бети электр терс, үстүнкү бети - оң. Э. о. иштеши адашкан, бет жана тил-кулкун нервдер менен жөнгө салынат. Э. о. бөлүп чыгарган электр разряддары коргоо, кол салуу, сигнал жана башка катары колдонулат.

Электр органдар (Электркөөкөрчөк сымалдуулар).

Колдонулган адабияттар түзөтүү