Элжернонго арналан гүлдөр

"Элжернонго арналан гүлдөр" (англ. Flowers for Algernon) - Дэниел Киздин кийинчирээк романга айланган илимий фантастика кыска аңгемеси. 1958-жылы жазылган жана 1959-жылынын апрелинде The Magazine of Fantasy & Science Fiction журналында басылган чыгарма, 1960-жылы Hugo сыйлыгынын эң мыкты жазылган кыска аңгеме номинациясына татыктуу болгон. Роман 1966-жылы жарыкка чыгып, ошол эле жылы эң мыкты жазылган роман үчүн "Вавилон-17" (англ. Babel-17) менен чогу Nebula сыйлыгына ээ болгон.

Элжернон - операция аркылуу интеллекти көбөйтүлгөн лабораториялык чычкан. Аңгеме операциядан өткөн биринчи адам Чарли Гордондун иш жүргүзүүсү боюнча отчет берүүсүн баяндайт. Чыгарма акыл-эс жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын даарылануусу сыяктуу ар кандай этикалык жана моралдык темаларды чагылдырат.

Китепти АКШ жана Канада китепканаларынан алып салуу маселелери көтөрүлсө дагы, ал бүткүл дүйнө жүзүндөгү мектептердин программасына киргизилген, ошондой эле экран, сахна жана радиого адаптацияланып, "Чарли" (англ. Charly) тасмасы үчүн Оскар сыйлыгына ээ болгон.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү