Элизия
Элизия - уңгу менен мүчөнүн же жанаша келген эки сөздүн ортосундагы катар келген эки үндүүнүн бирөөнүн жоюлуп кетиши. Элизия кубулушунун төмөнкү учурлары бар:
- 1) Аягы үндүү менен бүткөн сөзгө үндүү менен башталган мүчө уланганда, уңгунун аягындагы же мүчөнүн башындагы үндүүлөрдүн бири сыйлыгышып түшүп калат: алты+оо=алтоо, жети+өө=жетөө, башта + оо = баштоо, иште+өө=иштөө, же+ыш=жеш, ата+ым=атам жана башка.
- 2) Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси үндүү менен аяктап, экинчиси үндүү менен башталса биринчи сөздүн аягындагы үндүү түшүрүлүп айтылат (оозеки речте). Мисалы: кара уй-каруй; эки айыл-эк айыл; бара алат-бар алат, ж.б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine