Элчиев Жаанбай
Жаанбай Элчиев -филология илимдеринин доктору ,доцент.
Жалпы маалымат | |
Аты-жөнү: Элчиев Жаанбай | |
Туулган жылы: 1957-жылы 15-январь | |
Туулган жери: Ош облусу | |
Жарандыгы: Кыргызстан | |
Илимий чөйрөсү: Кыргыз тили, Кыргыз адабияты | |
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети | |
Илимий даражасы :филология илимдеринин доктору (2015) | |
Илимий наамы: доцент | |
Ал 1957-жылы 15-январда Ош облусуна караштуу Таргалаң айылында жарык дүйнөгө келген .
Эмгек жолу 1984-1988-жылдары Алай районундагы И. Монуев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн башталган.
1988-1990-жылдары ОшМПИнин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу.
1990-жылдан 2023-жылга чейин ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти, профессору болуп эмгектенген.
1996-жылы “Кыргыз тилиндеги жаксыз сүйлөмдөр” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2015-жылы “Келки маанилердин типтери жана түрлөрү” деген темада докторлук диссертациясын Бишкек шаарында коргогон.
1996-1997-жылдары ОшМУнун Теология факультетиндеги жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасынын башчысы;
1996-2007-жылдары кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы;
2007-2010-жылдары Кыргыз филологиясы факультетинин деканы болуп иштеген.
2003-жылы “Тил таануу” адистиги боюнча доцент илимий наамын алган.
2013-жылдан 2023-жылга чейин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.
Төрт окуу-усулдук колдонмонун, эки илимий монографиянын, элүүдөн ашуун илимий макалалардын автору.
Билимге, илимге кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.
2023- жылы 30-октябрда кайтыш болгон .